Зилалиев жандырмагы:“Бомба, форма”…

Атамбаев доорунда ай да доорон сүргөн Дүйшөнбек Зилалиев деген болгон. Кен тармагын да тейледи, энергетиканы да койбоду…

Жубайы татар кызы болуп, Атамбамбаевге “бажа” болгону ого бетер өрөпкүдү. Көтөрүлгөндөн көтөрүлдү. Деңгээлине карабады…

Мына ушул “азамат” Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болуп жаткан күнү Манас жана Москва көчөлөрү кесилишкен жерде күзөттө турган курсант кыз Самара Өмүракунованын алдына  жолтандабасын токтотуп, “бомба” жарылат деп коркуткан. Өмүракунова өз кезегинде УКМКага кабарлап, инаугурация үзгүлтүккө учурай турган болгон…

Зилалиев өзү инаугарцияга чакырылбай калганы үчүн ызаланганбы же башка себеби барбы, айтоор ал күнү бала кылбаган кылыкты кылган.

Козголгон кылмыш иш мына эми сотко жетип олтурат. 2-майда Биринчи май райондук соту бул ишти карай баштады. Өмүракунова сотто Зилалиев “бомба жарылат” деген десе, Зилалиев “бомба эмес форма” жөнүндө сөз кылганмын деп жатат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар