Зилалиев икаясы же карышкыр кой кайтарганда…

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы кезинде “Лигласс” аферасына жол берген Дүйшөнбек Зилалиев август айында вице-премьер-министрлик кызматка көтөрүлгөн. Вице-премьерлик кызматка көтөрүлүү менен өлкөдөгү саясий жараяндарды көзөмөлдөөгө  мүмкүнчүлүк алды. Ошого жараша ага президенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү боюнча Республикалык штабды жетектөө тапшырылган.

Бул вазыйпаны аткаруу максатында Дүйшөнбек мырза региондорду кыдырууга чыгып, уюлдук телефондор доорунда  капканга түшүп калды. Муну менен ал бийликтин жана өзүнүн административдик ресурс боюнча чыныгы жүзүн ачып алды.

Албетте, бийлик коомчулукка президенттик шайлоодо  административдик ресурсту колдонбоо боюнча катуу убадаларды берип, билдирүүлөрдү жана  эскертүүлөрдү жасап жатат.  Мына ушулардын баарын көзөмөлдөө дал ушул Зилалиевге жүктөлгөн.

Дүйшөнбек мырза бул миссияны аткаруу максатында региондорду кыдыруусун 19-сентябрда Баткен облусунан баштаган. Ал жергиликтүү актив менен расмий жолугушууда албетте “административдик ресурсту колдонууга жол бербөө, мыйзамдуулук” боюнча күпүлдөп, бирок жолугушуунун бейрасмий бөлүгүндө ошол эле чиновниктерди “Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөгөн”. Муну жыйынга катышкандардын бири телефонуна тартып алып, жарыялап жиберген.

Административдик ресурсту колдонуу жогорку бийликтен тартып, айыл өкмөт, акимият, мамлекеттик ишканалар эле эмес, мектеп жана жогорку окуу жайларда толугу менен жүрүп жатат.

Маселен, мектептерде жаңы окуу жылынын ачылышында ата-энелер чогулушунда  №9 үчүн добуш бергиле, туруктуулук, тынчтык керек деген эле сөздөр.

Ал эми Зилалиев икаясына келгенде, ал административдик ресурсту колдонуу боюнча жалпы бир жараяндын ичинде көрүнүп калган “калпыстык” болуп калды. “Калпыстык” ашкере болуп калгандандыктан премьер-министр Сапар Исаков реакция жасоого аргасыз болду.

21-сентябрда ал Зилалиевге эскертүү жасап, аны шайлоо штабынын башчылыгынан бошотту. Бул милдетти дагы бир вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөдү. Жумкадыров жалпы жана масштабдуу түрдө жүрүп жаткан административдик ресурсту колдонуу жараянын токтот деп айтыш балалыкка тете нерсе. Болгону ал Зилалиев сыяктуу калпыстык кетирбегенге аракет жасап калышы ыктымал…

Дүйшөнбек Зилалиев “Лигласс” аферасы, шайлоо штабында абдан эле уят болуп, калпы чыгып калды. Бул жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкердин  ага чейин да мындай иштери болуп келген. Маселен, “Беш-Арча” компаниясы Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого  гана уруксат алып, бирок  кенди мыйзамсыз казып жатканы ашкере болуп, видео далилдер коюлса да, Зилалиевдер “баары мыйзам чегинде” деп туруп беришкен.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар