Жыл жыйынтыгы: Кыргызстан жана КМШ

Улуттук статистикалык комитет 2017-жылдагы өлкө экономикасынын көрсөткүчтөрүн жарыялады. Ага ылайык, өткөн жылы Ички дүң продукция-ИДП 104.5% өскөн. Анын ичинен өнөр жайы 111.5%, айыл чарбасы 102.2%, курулуш тармагы 107%, энергетика 110% өскөн.

Жалпы эле КМШ мамлекеттери, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер да өткөн жылды өсүш менен аяктаган. Маселен, КМШнын статистикалык кызматынын маалыматы боюнча, Орусия өткөн жылдын тогуз айында 101.6% өсүшкө жетишсе, Казакстан 104.3%, Өзбекстан 105.3% Тажикстан 106.8% өсүшкө ээ болгон.

Кыргызстандын Статистикалык комитети өткөн жылы кыргызстандыктардын айлык акысы 6.7%га өсүп, орто эсеп менен 14 миң 874 сом болуп калды дейт. Доллар менен эсептегенде бул 200 доллардан ашуун сумма болот.

Орусияда айлык акы салыштырмалуу бир топ жогору.  Орусияда орточо айлык 38 миң рубль же азыркы курс менен эсептегенде 46 миң сомдон ашуун же 670 долларга жакынды түзөт.

200 долларлык айлык акы төлөй турган жумуш таппаган кыргызстандыктар ошондуктан жүз миңдеп Орусияга агылып жатканы түшүнүктүү.

Кошуна Казакстанда да айлык акы бир топ жогору. Ошол эле КМШ статистикасы Казакстанда орточо айлык 143 миң теңге же 30 миң сомго жакын деп берген.

Кыргызстан тышкы соодасындагы абдан чоң тескери сальдо дагы өсүп кеткен. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан 5 млрд. 602 млн. долларга соода кылган. Анын ичинен 2 млрд. 178 млн. долларга Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен соода болгон. Демек, Кыргызстандын тышкы соодасынын жарымынан азы Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон. Быйылкы жылы да Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштар ургаалдуу калыбына келтириле берсе, анда ал тенденция дагы өсөрүндө шек жок.

Мына ошол 5 млрд. 602 млн. доллар тышкы сооданын 1 млрд. 541 млн. доллары гана Кыргызстандын экспортун түзөт. Калганы импорт. Башкача айтканда, экспорттон импорт төрт эсеге жакынга көптүк кылат.

Тышкы соодадагы мындай тескери сальдо улуттук валютага ар дайым басым жасап, анын  девальвацияга түртүп турат. Сомду  катуу девальвациядан эмгек мигранттарынын акча которуулары сактап келатканы белгилүү. Алардын банктар аркылуу акча которуулары эле өткөн жылы 2 млрд. долларга жеткенин Улуттук банк жакында маалымдаган.

Республикада инфляция 3.7% болгон. Ал эми катталган жумушсуздардын саны 57 миң киши деп берилген. Катталбаган жумушсуздар саны андан ондогон эсе көптүгү эч кимге жашыруун эмес.

Өкмөт быйылкы жылы ИДПынын жалпы көлөмү 538 млрд. сом болуп, өсүш 3.6% болот деп болжогон…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар