Жогорку Сот “жоболоңдуу жорукту” оңдогон жок

Жогорку Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “Заноза” сайтына берген доо боюнча чыгарган төмөнкү сот инстанцияларынын чечимин күчүндө калтырды. Ишти Жогорку Сот 30-ноябрда карады.

Башкы прокуратура “Заноза” сайты жана анын уюштуруучуларынын, авторлорунун бири Нарын Айып, укук коргоочу Чолпон Жакупова  Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деп,  сотко берген. Алардан жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүү талабын койгон.Төмөнкү сот инстанциялары ал доону канааттандырган.

30-ноябрда Жогорку Сот ал чечимдерди күчүндө калтырды. Эми он күндүн ичинде жоопкерлер Атамбаевге миллиондорду төлөп берүүгө тийиш. Андан кийин күчтөп төлөтүү башталарын “Кактус” сайты кабарлайт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар