Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун мөөнөтүн макулдашты

31-майда Кыргызстандын президентин жана парламентин шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү сунушталып, ал добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору жетиштүү добуш алса, президенттик шайлоо октябрдын үчүнчү жекшембисине дайындалат. Быйылкы жылы ал 15-октябрга туш келет.

Президент Алмазбек Атамбаев БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова менен жолугушууда президенттик шайлоону 18-ноябрга белгилөөнү сунуштаган. Бирок экинчи тур болуп калса, азыркы президенттин кызмат мөөнөтү мыйзамсыз узарып калат деп, сынга алынган.

Конституцияга ылайык президенттик шайлоонун мөөнөтүн парламент аныктайт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар