ЖКнын чукул сессия августа болот

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 21-августка белгиленгенин билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады. Сессияда жаңы өкмөт башчы жана өкмөттүн курамы бекитилет. Белгилүү болгондой азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкер катары аттанууда. БШКда каттоодон өткөндөн кийин анын өкмөт башчылыктан кетери кабарланган.

Элньюс маалымат-талдоо агенттиги өзүнүн булактарына таянып, кезексиз сессия 15-августка белгиленгенин кабарланган. Анда төрага Чыныбай Турсунбековдун төрагалыктан кетүүсү жөнүндө маселе каралышы айтылган. Турсунбековду кызматтан кетирүү маселеси анын өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу президенттик шайлоого баруу ниетин жарыялагандан кийин чыккан. Бирок төрага Турсунбеков андан бери Борбордук шайлоо комиссиясына арызын бере элек.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар