“Жемкор система” Жээнбековго неге кымбат?…

13-августа Улуттук Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков партиялык тизме менен шайлоону жактады. Мындай жол менен Жогорку Кеңешке депутаттарды  шайлоо Кыргызстандын эгемендүүлүк доорунда  кандай натыйжаларга алып келди? Мына ошого байкоо салып көрсөк:

Кыргызстанда 2005-жылдан тартып Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайлана баштады. Мындай ыкма менен шайлоонун максаты партияларды өнүктүрүү болгон. Мына ошону менен партиялык тизме менен шайлоонун оң жагы бүттү десек болот.

Ал эми терс жактары көбүрөөк болду. Аны төмөнкү фактылар ырастай алабыз.

Биринчиден, партиялык тизме менен шайлоодо Жогорку Кеңеш шайланбай жатып эле коррупциялашууда. Анткени таасирлүү делген партияларда биринчи ондуктагы орундар 300-500 миң долларга, андан кийинкилери андан арзаныраакка сатылууда. Бул баарына белгилүү факт. Аны эч ким тана албайт.

Экинчиден, партиялык тизме менен шайлоодо жарандарга өз депутатын шайлоого мүмкүнчүлүк берилбей, алар депутатын түз  шайлоо укугунан ажырап калууда. Анткени кайсы талапкердин депутат болуш болбосун эл, шайлоочулар эмес, партия лидерлери чечүүдө. Алар акчасын алып, алдыңкы орундарга койгон талапкерлер депутат болуп келүүдө.

Үчүнчүдөн, партия лидеринин чечими менен келген депутаттын эл, шайлоочулар менен байланышы начар болуп, реалдуулукта калктын парламентте өкүлү жок болуп калууда. Анткени Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү эмес, партия өкүлдөрү отурууда.

Төртүнчүдөн, партиялык тизме калк ичиндеги айрым күчтүү, билимдүү, көз карандысыз адамдардын парламентке келишине ашып өткүс, бекем бөгөт койду.

Мына ушулардын баары Жогорку Кеңештин алсыз,  Конституция, мыйзамдар берген укук, милдеттерин аткарууга жарамсыз, мажирөө болушуна алып келди.

Муну бир эле мисал менен тастыктай алабыз. Маселен, мурунку чакырылыштагы парламент Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча келишимди эң бир жоопкерсиздик жана кесипкөйсүздүк менен бир күндө үч окууда ратификациялап, өтө чоң коррупцияга, мамлекеттин өтө оор жана көп суммада карызга батуусуна алып келди. (Мына ошолорго жол берген, ал кездеги төрага Асылбек Жээнбеков, комитет төрагалары жоопкерчиликтен качып, “апакай” болуп отурушат. Алар АША жана анын шоопур-моопурларынын буйругун аткарып, алардын жетим жүгүрүгүнө айланып, парламенттин баркын кетиришти.)

Дал ушул себептерден улам коомчулукта  Жогорку Кеңешке депутаттарды  бир мандаттуу округдардан шайлоо жөнүндө пикирлер көбүрөөк айтылып жатат.

Мына ошол бир мандаттуу округдардан шайланган парламент кандай болгонуна же кандай болоруна байкоо салып көрсөк:

Биринчиден, бир мандаттуу округдардан шайланган Жогорку Кеңеш күчтүү жана кесипкөй болушуна шарт түзүлөт. Анткени калкка өзү ишенген, каалаган талапкерди шайлап алуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет. Натыйжада, андай депутаттар партия лидери эмес, калктан гана көз каранды болот. Партия лидери же көпөсү эмес, калкка таянган депутаттар, демек Жогорку Кеңеш күчтүү болот. Андан сырткары Жогорку Кеңештин калк менен байланышы калыбына келет.

Бир мандаттуу округдардан шайланган Жогорку Кеңеш күчтүү жана кесипкөй болору Кыргызстандын жаңы тарыхында ырасталган. Аны кылчайып карап көрсөк болот.

2000-жылы кош палаталуу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына 60 депутат шайланган. Анын 45 бир мандаттуу округдардан шайланган. Мына ошондо Абсамат Масалиев, Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Алевтина Проненко сыяктуу оппозициячыл саясатчылардын бир мандаттуу округдардан шайланып келүүсүнө жол ачылган . Эл аларды шайлап алган. Алар өз кезегинде парламентте акаевдик көпчүлүккө такаат берип, көп мамлекеттик маселелердин элдин пайдасына чечилишине, коррупциянын АШАнын доорундагыдай өсүп-өрчүп кетүүсүнө жол берген эмес (Сырттан алынган насыялар эч кайсы президент учурунда АШАнын доорундагыдай  уурдалып, таланып-тонолгон эмес).

Күчтүү саясатчылар парламентте отургандыктан ал кезде  Кыргызстанда саясат көчөдө эмес, парламентте жүрчү.

Эми эл аралык тажрыйбаны карап көрсөк:

Кошмо Штаттарда, Англияда, Францияда, Японияда, Түштүк Кореяда парламент мүчөлөрү бир мандаттуу округдардан шайланат. Россия, Украина парламентинин 50% бир мандаттуу округдардан шайлоого өткөрдү.  Бул өлкөлөрдө бир мандаттуу округдардан талапкер көрсөтүүгө партияга да, жеке инсанга да укук берилген.

Мына чыныгы демокартия жана элдин тандоосуна мүмкүнчүлүк! Ошого жараша бул өлкөлөрдө парламенттер күчтүү. Аткаруу бийлигин эффективдүү көзөмөлдөөгө жөндөмдүү.

Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков партиялык тизме менен шайлоону жактайт? Анткени Жогорку Кеңешке кимдердин келишин көзөмөлдөөгө, демек парламентти кол балага айлантууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алат. Бирок, анын натыйжасы мамлекет үчүн катастрофалык болууда.

Эгерде Сооронбай Жээнбеков партиялык тизме менен шайлоону өркүндөтүүнү жактаса, анда  өлкөнү толук кандуу парламенттик башкарууга өткөрүү абзел. Толук кандуу парламенттик башкарууда президенттин бийлиги абдан чектелип, эки тизгин-бир чылбыр өкмөт башынын колуна өтөт. Бирок андай чечкиндүү кадамга барууга С.Жээнбеков эч кандай ниет, каалоосун көрсөтө элек.

Кыргызстанда өкмөттү түз президент башкарган(премьер-министр жок), күчтүү Жогорку Кенеш, чыныгы көз карандысыз сот менен тең салмактанган бийлик системасы куралса же толук кандуу парламенттик башкаруу болгондо гана эгемендик доорубуздан бери келаткан азыркы бузук система жоюлат эле.

Эгемендүүлүк доорунан бери келаткан Кыргызстандагы бузук системада президенттер президенттик эмес, хандык кылып келатат. Алар мамлекетте бардык кадрдык дайындоолорду жасап, маанилүү чечимдерди кабыл алат, өлкөдө саясатты аныктайт.Бирок эч нерсеге жооп бербейт. Бир нерсе болсо өкмөттү  “садага чаап”, “хандыгын” улантып келатат.

Мына ушул бузук система Сооронбай Жээнбеков үчүн да ыңгайлуу болуп жатат. Ошондуктан ал аны өзгөртүүнү каалабайт. АШАнын эски коррупциялык системасын бир аз жамаачылап, көпчүлүктүн көзүнө кум чачып тим болууда.

Бирок бул бузук система Кыргызстанды коррупция, жоопкерсиздик, баш-аламандыктын сормо сазына тарткандан тартып, келечектин кендирин кескенден кесип баратат…

 

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар