Жээнбековдун жеңишине көлөкөлөр…

30-октябрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялады. БШКа Сооронбай Жээнбеков  добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 54.22% добуш алып, жеңүүчү болду деп жарыялады. Ага 920 миң 620 шайлоочу добуш берген.

Өмүрбек Бабановго 568 миң 865 адам же 33.49% добуш берилип, экинчи орунду алды.

110 миң шайлоочунун добушу менен 6.67% алган Адахан Мадумаров үчүнчү орунду ээледи.

Бул үч талапкердин шайлоого жумшаган акчасын санай турган болсок, эң көп каражатты Өмүрбек Бабанов сарптаган. Ал үгүт өнөктүгүнө расмий түрдө 230 млн. сомго жакын, Сооронбай Жээнбеков 158 млн. сом жумшаган. Бейрасмий түрдө жумшалган каражаттар бул суммалардан эселеп көп экени айтпаса белгилүүтү. Ал эми үчүнчу орунду алган Мадумаров болгону 1 млн. 489 миң сом сарптаган.

Бирок учурда маселе башкада болуп жатат. БШКанын эки мүчөсү, анын бири БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова жана Гүлнара Журабаева шайлоонун жыйынтыгын бекиткен корутундуга кол коюдан баш тарткан.

Атыр Абдрхаматова корутундуга жазган өзгөчө пикиринде, шайлоо комиссиясынын ишин жүргүзүүдө мыйзам талаптары бузулганын, шайлоо учурунда бийлик талапкерине берилген артыкчылык, башка талапкерлерге карата мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу кара пиардын уюштурулушун, административдик ресурсту колдонулушун мыйзам бузуу катары атаган.

Бийлик өз талапкеринин жеңишин камсыздоодо Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык базасын Samara.kg менчик сайты аркылуу колдонгонун Kloop.kg сайты иликтеп, далилдеп чыкканы маалым. Мамлекеттик каттоо кызматы сайттын маалыматын төгүнгө чыгарууга аракет жасоодо. Бирок анда келтирилген фактылар өтө эле кашкайып турат.

Адахан Мадумаров жүз миңдеген эмгек мигранттарынын добуш берүү укугу бузулганына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Белгилүү болгондой 1 млн.го жакын эмгек мигранттарынын ичинен 18 миң кишиге гана добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Калгандары добуш берүү укугунан ажыратылды. Москвада миңдеген мигранттар добуш берүү үчүн элчилик алдына чогулуп, бирок добуш бере албады…

Үгүт өнөктүгү учурунда негизги талапкерлер катары өздөрүн алып жүргөн Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев сыяктуу  шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай пикирин билдире элек…

Мына ушундай өксүк, адилетсиздик, бир жактуулуктарга карабай бийлик президенттик шайлоону таза жана адилет өткөрдүк деп керней-сурнай чалып жатат.

Эми БШКнын айрым мүчөлөрү аны күмөнгө салып чыкты. Ага чейин жогоруда айтылгандай Адахан Мадумаров анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Ал эми президент Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго башкы үгүтчү болуп, бүт региондорду кыдырганы атпай-журттун баарына белгилүү болгон. Атамбаевдин башкы үгүтчү болушу бардык талапкерлерге бирдей шарт түзбөөнүн, мигранттарга добуш берүүгө жол бербөөнүн учугу кайда барарын көрсөтүп турат…

 

There are 7 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар