Жээнбековдун Исаев иши боюнча аксакалдарга жообу…

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден кийин Кемин, Токмок аксакалдары Акүйгө келип,  президент Жээнбеков менен жолугушат. Алар президентке Канат Исаевдин ишин оң жагына чечип берүү өтүнүчүн айтышат.

Жээнбеков Канат Исаевге карата анын эч кандай кусаматы жок экенин айтып, бирок бул иш Атамбаевдин көзөмөлүндө экенин, мына ошол гана чече аларын айтат.

Мындай жоопко ачууланган карыялар “сиз өзү президентсизби” дегендей этектерин кагынып туруп кетишет.

Сооронбай Жээнбековго Бектур Асановдун ишин оң жагына чечип берүү өтүнүчү менен Жалал-Абаддан да аксакалдар келишет. Жээнбеков аларды кабыл алуудан баш тартканын Бектур Асановдун жакындары айтып жүрүшөт…

Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Бектур Асановдун туугандары  жана жакындары талапкер Жээнбеков менен жолугушуп, аны боштондукка чыгаруу өтүнүчүн айтышат. Жээнбеков шайланып калса, бул ишти оң жагына кароого аракет жасарын айтат.

Жээнбеков президент болуп шайланды. Ал эми Бектур Асановго өкүм күчүндө калды. Ал эмес учурда анын өмүрү чоң коркунучта калып олтурат. Президент Жээнбеков сөз жүзүндө сот, УКМКнын ишин катуу сындап, бирок башкага батынбай турат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар