Жээнбеков Путиндин алдынан өтөт…

Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда Орусияда жумуш сапар менен болот. Москвада анын орус президенти Владимир Путин жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу белгиленген.

Бул Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенден кийинки ички да, тышкы да биринчи сапары болуп калмакчы.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеванын айтымында, “бул Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты өнүктүрүүгө багытталган тышкы саясий курс тереңдейт жана бекемеделет дегенди билдирет”.

Жээнбековдун Орусияга сапары түшүнүктүү. Анткени Кыргызстан көптөгөн стратегиялык багыттар боюнча Кремлден 100% көз каранды. Атап айтканда, коргонуу, коопсуздук, күйүүчү  май         , газ, миллионго жакын мигранттардын жумуш менен камсыз болушу, алар мекенине жөнөтүп жаткан миллиарддаган долларлардын ички рынок жана улуттук валютаны кармашы ж.б. санай берсе абдан эле көп.

Кыргыз өкмөтү жана бийлиги оңгулуктуу бюджет да түзө албай келатат. Бюджеттин тартыштыгы жыл сайын артып, ал Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн гранттары менен эптеп жабылып келатат.

Жээнбековдун сапарында да бюджетти кармоо үчүн грант суралышы ыктымал.

Москвадан кийин Кыргызстандын жаңы президенти Минскиге барып, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун юбилейлик жыйынына катышмакчы. ЖККУ 15 жылдык юбилейин 30-ноябрда Беларустагы жыйында белгилейт.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар