Жээнбеков “жыландын башын” кылтыйтты…

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктары боюнча мамлекеттик комитет төрагасы Уланбек Рыскуловду кабыл алды. Анда  кен байлыктарды иштетүү, экологиясы  жана жергиликтүү калк менен кызматташуу маселеси жөнүндө сөз болгон.

Президент Жээнбеков ал жолугушууда  «Тоо-кен өндүрүү тармагы кичи шаарлардын жана айылдардын өнүгүүсүнө жана ошондой эле жер-жерлерде эмгек ресурстарын бекемдөөгө көмөк болушу керек», — деген.

Ал кенди иштетүүдө экологиялык зыян алынып келеби же жокпу аны адистер гана аныктай алат деп, карапайым калктын жер-жерлердеги тынчсызданууларын четке каккандай  айткан.

Маселен, президенттин маалымат кызматы мамлекет башчысынын мындай сөзүн жарыялаган: «Кен иштетүүчү компания экологиялык коопсуздук нормаларын сактап жатабы, же жокпу – муну адис-экологдор гана так аныктай алат. Бул маселени саясатташтырып кереги жок…».

Бирок да Сооронбай Жээнбеков жана анын жанындагылар Кыргызстанда бир дагы кен Кыргыз мамлекетинин 1% үлүшү жок иштетилип жатышына, ошону менен мамлекет таланып-тонолуп  жатышына көңүл бурган эмес…

Кен иштетүүгө каршы митингдер Кыргызстанда Кумтөрдөгү кылым аферасынан, ал жердеги экологиялык апааттан кийин чыга баштаганы белгилүү. Кумтөр аферасы  жана катастрофасы болсо уланып жатат.

Кен иштетүүгө каршы болгон нааразылык митингдердин бири 2-февралда Кадамжайдагы Майдан айылында болгону эсибизде турат.

Миңдеген адамдар катышкан митингде Шамбесай алтын кенин иштетүүгө эл кескин каршы чыгып, анын экологиялык кесепеттеринен катуу чочулашканын билдиришти.

Жээнбековдун 7-февралдагы “кен иштетүүнү саясаттандырбаш” керек деген сөзү ошол Майдан айылындагы митингге катышкан, өткөн жылкы президенттик шайлоодо атаандаш болгон Адахан Мадумаровго каршы багытталганы байкалат. Майдан митингисинде калк Мадумаровду абдан катуу колдоосу да Жээнбековдун тынчын бузуп жаткандай…

Чындыгында 2-февралда калк Шамбесай алтын кени Исфайрам дарыясына, Майдан айылына өтө  жакындыгына (500 метрдин тегереги) катуу чочулап жатат.

Бирок да бул кенди иштетүүнүн Кыргызстанга жана жергиликтүү калкка көзгө көрүнөрлүк пайдасы жок. Мүмкүн кенди иштетебиз дегендер (кытайлар) Жээнбековдун чиновниктеринин бирине параны аябай берип, жумуш орундарын түзөбүз деп алдап жаткандыр?

Алтын кендерине келгенде бир жумуш орундар менен чектелип калуу кемчонтойлук.  Ал кендерди казуудан канчалаган пайда алынарын эсепке алганда ал өтө айкын болот.

Маселен, Шамбесайда кеминде 15 тонна алтын бардыгын мурда Уланбек Рыскуловдун ордунда иштеген Чунуев парламентте айткан. Жээнбековдун партиялашы депутат Мадаминов аны туура эмес деп, Шамбесайда 40 тонна алтын бар деген.

Чунуевди адис деп, анын сөзүнө ишене турган болсок, демек, Шамбесайда  15 тонна алтын бар. Аны акчага айлантсак 600 млн. доллар же 40 млрд. сомдун тегереги болот. Кытайлар мына ушул ченемсиз байлыктан Майдан айыл өкмөтүнө жыл сайын 8 млн. сом же 5 жылдык кенди иштетүү мөөнөтүндө 40 млн. сом, районго 160млн. сом төлөөнү убадалаган.

Район акими, айыл өкмөт буга ыраазы. Кыязы, президент Жээнбеков да, өкмөт башчы Сапар Исаков да ыраазы. Аларды Шамбесай долбоорунда Кыргызстандын 1% үлүшү жоктугу тынчсыздандырбасы көрүнүп турат.

Кыргызстан калкын, анын ичинде майдандыктарды таламандын тал түшүндө ушинтип карактап жатышына алар кайдигерби?..

Анын себеби билбестиктеби же башка нерсе барбы?…

 

There are 3 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар