Жээнбеков менен Назарбаев сүйлөшүүсүндө Атамбаев маселеси…

25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Астанага эки күндүк расмий сапар менен барат. Казакстан борборунда ал президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөрөт.

Эки президент сүйлөшө турган негизги маселе-кыргыз-казак мамилесин толугу менен нормалдаштыруу. Жээнбеков жана Назарбаев 2-декабрда Минскидеги биринчи жолугушууда нормалдаштырууга биринчи кадам ташташкан. Анын натыйжасында эки өлкөнүн өкмөттөрү 5-декабрда  “жол картасына” кол коюшкан. Ал “жол картасына” ылайык эки өлкөнүн бажы кызматкерлери эки өлкөнүн тең чек араларында туруп, контрабандага жол бербөө максатында жүктөрдү көзөмөлдөйт. Андан сырткары чечүүнү талап кылган фитосанитардык, ветеринардык, салык маселелери да бар.

Мына ошол “жол картасы” кабыл алынып жаткан учурда кыргыз-казак чек арасы мурунку калыбында иштеери кабарланган болчу.

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусунда мына ошол “жол картасынын” аткарылып жатышы негизги темалардан болору айныксыз.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбеков менен көзмө-көз сүйлөшүүдө Жээнбековдун бийлигин кантип бекемдөө боюнча акыл-сунуштар айтышы ыктымал. Канткен менен Назарбаев менен Атамбаев жеке душман болуп калышты. Тажрыйбалуу саясатчы катары Назарбаев өч алууну, Атамбаевди биротоло сүрүп салуу ыңгайын ойлонбой койбосо керек…

Сооронбай Жээнбеков да ар-намыстуу адам катары накта президент болууну көздөбөй койбойт. Ошондуктан бул жерде эки тараптын кызыкчылыгы дал келет.

Мына ушул интрига Жээнбековдун биринчи расмий сапары Назарбаев биринчи болуп чакыргандай Казакстанга эмес, Өзбекстанга жасалышына да түрткү болду дегенге негиз бар. Белгилүү болгондой Жээнбеков биринчи расмий сапарын 13-14-декабрда Өзбекстанга жасаган. Ал эми биринчи жумуш сапарын Москвага жасаган эле.

Кыргыз-казак мамилеси Кыргызстандагы 15-октябрдагы президенттик шайлоо алдында кескин начарлап кеткен. Назарбаевдин Өмүрбек Бабановду колдоосу Атамбаевдин жанын кашайтып, казак эли жана Назарбаевдин дарегине ачуу сөздөрдү айтууга алып келген. Казакстан өз кезегинде чек арада жолдорду жаап, транспорттук блокада жарыялаган.

Регионалдык саясатта оюн жүргүзгөн Атамбаев Казакстан менен таймашта Орусияга таянды жана Ташкен менен өтө жакындашууга үлгүрдү.

Казактандын кубаттуу жана бардык-жогу жетиштүү мамлекет катары өз алдынча ички жана тышкы саясат жүргүзүүгө умтулуусуна, өзгөчө латын тамгасын киргизүү  аракетине Кремлдин ачуусу келип турган. Мына ушундай кырдаалда  кыргыз-казак тирешүүсү “бөлүштүрүп, анан башкара бер” деген Москванын импердик саясатына туура келди…

Путин ошондон кыргыз-казак тирешүүсү күчөп турганда Атамбаевди Москвага маданий иш-чарага чакырып, кириллицаны коргоо аракеттерин баалагандай белги берди, далысынан таптады…

Кыргызстандын Казакстан менен тирешүүдө башка өнөккө муктаждыгын Өзбекстан да мыкты пайдаланды. Ташкен Евразия экономикалык биримдигине кирбестен туруп, Кыргызстан аркылуу өз товар, продукцияларын Орусия, Казакстан, Беларуска алып чыгууга кам көрүп, жолун чаап жатат. Бул багытта бир топ ийгиликтерге жетишти десек жаңылышпайбыз…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар