Жээнбеков менен Бабанов “бакандашканда”…

15-октябрдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов негизги атаандаштардан болору белгилүү.

Жээнбеков административдик ресурс, бийликтеги жандоочуларына жана КСДПнын колдоосуна таянса, Өмүрбек Бабанов шайлоо өнөктүгүн эффективдүү жүргүзүү тажрыйбасына, финансы жана медиа ресурстарына, партиялаштарына таянууда.

Алмазбек Атамбаев “Жээнбеков болбосо, Бабановду колдомокмун” деп, эки атаандаштын ортосуна  ого бетер жалын бүрктү.

Атамбаевдин сөзүнөн кийин премьер-министр Жээнбековго жакын интернет ресурстар “Өмүрбек Бабанов талапкерлигин алып коет экен” экен имиштерди таратууга киришти. Бул имиш калк ичине тарап, тарапкерлерин эки анжы кыла баштаганга байланыштуу Өмүрбек Бабанов 31-июлда атайын маалымат жыйынын өткөрүүгө аргасыз болду.

Анда Бабанов “кара пиар менен шугулдангандар эч качан жеңишке жетишпейт. Көп талапкерлерге, анын ичинде КСДПнын талапкерине кара пиар менен шугулданбоону сунуштадым” деди.

Өмүрбек Бабанов муну менен “анын талапкерлигин алып коюшу жөнүндөгү” имиштер кайдан чыгып жатканын билерин кыйытып,  Сооронбай Жээнбеков тарапты көрсөттү.

Бабанов ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыктан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткаруу партия, тактап айтканда КСДП менен байланышпаган вице-премьер-министрге жүктөлүш керек деди. Муну менен ал  административдик ресурсту колдонууну төмөндөтүүнү көздөдү.

Белгилүү болгондой КСДПнын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин чукул сессиясы 21-августта чакырыларын, анда жаңы өкмөт башчы шайланарын билдирген.

Өкмөт башчылыкка албетте КСДПнын өкүлү каралууда. Ал президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков болушу мүмкүн. Президент Атамбаев маалымат жыйынында, КСДПдан президенттикке талапкерди аныктоо максатында жүргүзүлгөн сурамжылоодо Сооронбай Жээнбековдун рейтинги биринчиликти, экинчи орунду Сапар Исаков ээледи деп, аппарат башчынын өкмөт башчылыкка дымагын ого бетер көтөрүп койду.

Өмүрбек Бабановдун дүйшөмбү күндөгү маалымат жыйынынын максаты,  бийликтин талапкери менен тең ата атаандашкан бирден-бир талапкер экенин көрсөтүү болду.

Анын үстүнө күчтүү атаандаштар катарында келаткан Темир Сариев жүрүш-турушунда кетирген кемчиликтери жана өтмүштөгү олуттуу жаңжалдарына байланыштуу “басыгын” басаңдатып калганда,  Өмүрбек Бабанов бул учурду ыңгайлуу пайдаланып, түндүк региондон негизги талапкер экенин электораттын эсине салууда…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар