Жээнбеков күрөшү Сегизбаевге такалды…

8-февралда Коопсуздук Кеңештин жыйынында Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратура баш болгон бардык күч органдарын, анын ичинде президентке түз баш ийген Абдил Сегизбаев башында турган УКМКаны катуу сынга алган эле.

Көпчүлүк байкоочулар Сооронбай Жээнбеков эч кимге кылчактабай президенттик милдетин аткаруу киришем десесе, анда УКМКаны колуна алуудан б.а. анын жетекчилигине өз кадрларын алып келүүдөн башташ керек деген ойдо турган. Чындыгында, Конституция УКМКнын жетекчилигин эч кайда кайрылбастан өз алдынча кызматтан алууга  президентке мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Башкы прокурорду кызматтан алууда парламенттин макулдугу керек…

Мына ушул өңүттөн алганда жарандык активисттер, байкоочулар арасында Коопсуздук Кеңештин жыйынынан кийин Сооронбай Жээнбеков УКМКанын жетекчилигин, бери дегенде анын алдындагы Антикоррупциялык агенттигин башчысын алмаштырууга барат, өзүнүн таасирин бекемдейт деген күтүүлөр болуп жаткан…

Мындай күтүүлөр көп күндүк кургак ачкачылыктан оор абалда жаткан саясий туткундар Бектур Асанов, Кубан Кадыров жана Эрнест Карыбеков жана алардын жакындарында акыркы үмүт катары өзгөчө күчтүү болуп турган.

Бирок ал күтүүлөр жана үмүттөр негизсиз экени 13-февралда айкын болду. Бул күнү Сооронбай Жээнбеков УКМКнын башчысы Сегизбаевди кабыл алып, АКСтин ишин түзөтүүнү анын өзүнө тапшырды. Ушул кезге чейин Сегизбаев “текей терип жүргөндөй”…

Өзүңдү жооткотуп, Жээнбековдун бул тапшырмасын Сегизбаевге “акыркы тапшырма” же эскертүү болушу мүмкүн деп жооруганга да болот. Бирок Жээнбеков Атамбаев кадрларын четтетүүгө даабайт деген жоромолдор чындыкка жакындыгына ынаным көбүрөөк…

 

There are 3 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар