Жээнбеков дилеммасы…

Сооронбай Жээнбеков эки тизгин бир чылбырды толук колуна алды. Ошону менен мамлекеттеги бардык жоопкерчилик ага жүктөлдү. Саясат эми анын айланасында жүрө баштады. Ошого жараша саясий күчтөр, саясатчылар мындан ары кандай болуш керек, кандай позицияны карманыш керек деген маселенин үстүндө баш катырууда.

Өлкөдөгү комформисттик саясатчылар тобу Атамбаев мезгилиндегидей эле президент Жээнбеков кандай демилге көтөрбөсүн аны колдоп, алты жыл бою жылуу-жумшак орунда болууга ыктап турат. Бул нерсе өзгөчө парламентте депутаттардын жүрүш-турушунан, Жээнбековго ыктоосунан көрүнүп турат. Парламенттен сырттагы саясатчылар арасында да президентке ыктагандар арбын.

Жээнбеков командасына кирип калууга үмүт артып, бирок анысы аткарылбай калгандар күз таяна өз линиясын иштеп чыгып, президентке реформа боюнча талаптар менен чыгууну көздөөдө.

Күзүндө пайда болуучу оппозициялык бул толкундун талаптары Атамбаев максатына шайкеш келиши толук ыктымал.

Белгилүү болгондой Атамбаев толук парламенттик башкарууга өтүүнү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартууну жактап турат. Ал ыңгайы келсе мына ушул талаптарды Жээнбеков алдына коюну көздөйт. Депутаттар санын кыскартуу калк ичинде колдоо табышы ыктымал. Парламентке карата калктын мамилеси белгилүү эмеспи.

Ал эми толук парламенттик башкарууга өтүүнү Атамбаев буга чейин айтып келген. Сооронбай Жээнбеков аны жактаган жана колдогон.

Бирок андан бери кырдаал өзгөрдү. Эгерде ал кезде Жээнбеков Атамбаев таасиринен чыга элек болсо, учурда ал Атамбаев таасиринен толук чыгып, мамлекетте толук кандуу президент болуп турат.

Ошондуктан бийлик системасы боюнча анын жеке көз карашы пайда болушу мүмкүн. Ал көз караш таза парламенттик башкаруу эмес, Жээнбеков үчүн абдан оңтойлуу болгон (Атамбаев үчүн да эң ыңгайлуу болгон) азыркы бийлик системасына жакын болуп чыгышы ыктымал.

Эгерде Жээнбеков бул системаны сактоону көздөсө, анда ага кине коюуга себеп табылат. Кезинде Бакиевди тынымсыз демитип, Конституциялык реформа жаса дегендей…

Ошондуктан Жээнбеков алдында чоң дилемма турат.  Таза парламенттик башкарууга өтүү, ал үчүн Конституцияны өзгөртүүгө баруу же азыркы  бузук системаны сактап калуу…

Калк ичинде болсо таза парламенттик башкарууга өтүүнү жактагандар аз. Бул идея Бишкекте айрым саясатчылар арасында популярдуу.

Бирок Текебаев-Атамбаевдик система бузук экени соттордун, парламенттин президент аппаратына толук көз карандылыгынан, анын айынан саясий коррупциянын гүлдөшүнөн, ал эле эмес эки саясатчынын кейиштүү  тагдырынан да көрүнүп турат. Ошондуктан нормалдуу бийлик системасына жетишүү, куруу милдети Кыргызстандын күн тартибинен кете элек…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар