ЖЭБди кимдер жеген?

Кыргызстанда, айрыкча борбор шаар Бишкекте бир жумага жетпеген аралыктагы күндүзү -16-18, түнкүсүн -23-27 даражадагы суукта акыр заман келгендей эле болду. Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, бул күндөрү эки адам тоңуп өлүп, жыйырмага жакынынын буту колун үшүк алган. Баарынан да былтыр эле экс-президент А. Атамбаев өзү лентасын кесип, 386 млн долларга кытайлык ТБЭА ишканасы модернизациялаган эмес беле. Тилекке каршы иш жүзүндө жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) аварияга учурашы жана үйлөр менен мекемелерге жетиштүү өлчөмдө жылуулукту бере албай калышы аталган сумманын өз максатына жумшалбай, кыргыз чиновниктеринин адатта боло жүргөндөй эле коррупциялашкандыгын далилдеп койду.

Алгач өткөн ишемби күнү күтүүсүздөн эле шаардын ЖЭБден жылуулук алган көп кабаттуу үйлөрүндөгү батареялар муздай баштагандыгы социалдык тармактарга жарыяланган. Ошентип алар электр жылыткычтарды сая башташкандыктан, чыңалууну көтөрө албаган трансформаторлордун автоматы ылдый түшүп, суук үйлөрдө жарык кошо жалп өчтү. Айрыкча ооруканаларда дарыланып жаткан сыркоолор суукка чыдай албай, үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болушту.

Бирок бул жагдайды ЖЭБ жетекчилиги  техникалык авариядан улам жылуулукка чектөө киргизилгендиги менен түшүндүрүп, кырдаалды өтө эле трагедияга айландыруунун зарылчылыгы жок экендигин билдиришти. 26-январда саат  18:00гө карата Бишкек ЖЭБдеги жүктөм  340 МВттан 154 МВтка чейин түшүп, суунун даражасы +84ден +62ге төмөндөгөн. Көрсө, суу бөлүштүрүүчү агрегат жарактан чыгып, ысык сууну андан ары шаар ичине айдап бере турган насостор кургак эле иштей берип, жарактан чыккан экен. Анткен менен өкмөт башчы С. Исаков өзү менен кошо жан-жөкөрлөрүн ээрчитип ЖЭБге жетип барышы чукул кырдаал жаралгандыгынан кабар берип койду. Кетеринде ошол ишемби күнү кечки саат 10го чейин  үйлөргө жылуулук бериле баштай тургандыгын убада кылып, баарыбызды ишендирген. Ошол эле учурда Өкмөт үйүндө маалымат жыйынын өткөргөн Бишкек мэри А. Ибраимов шаардыктардын үтүк, кир жуугуч машиналарды жана башка электр жабдыктарын эртең менен жана кечинде колдонбой турууну өтүнүп кайрылуусу үшүп-шишип турган элдин түшүнүү сезимин эмес, тескерисинче кыжырын келтирди.

Кыскасы, дем алыш күндөрү дем албай эле дубалы бетон үйлөрдө тоңуп, караңгыда кайсалап, орто кылымдагыдай жашоого туш болгон бишкектиктер болгон күчү менен жинин социалдык тармактардан чыгарышып, бийликтин короосу компроматка толуп калды. Сыягы, эл толкуп кетет деп чочулады окшойт, премьер-министр адатынча Бишкектин төрт районуна төрт чатыр орнотуп, үй-жайсыз жүргөн селсаяктар менен үйүндө үшүгөндөргө ысык чай, тамак-аш тартуулап жибергендигин мамлекеттик телеканалдардан улам көрсөткөнү көпчүлүктүн маанайын жибите алган жок. Бирок жууркан таратуу демилгеси күлкүнү гана келтирди.

Ошентип дүйшөмбү күнү камера, калем, микрофондору менен “куралданган” журналисттер өлкөбүздүн энергетика тармагынын үлкөндөрү менен “куликов талаасына” айланган ЖЭБде “беттешип”, болгон суроолорун автоматтын огундай жаадырышты. Эгер алардын айтканына ишене турган болсок, Бишкек жылуулук борбору өз убагында модернизациялагандыгы үчүн бүгүнкү күндө тез аранын ичинде учурдагы абалды жөнгө салууга жетишиптир. Бул иштер жасалбаса,  мындай ит өлгөн суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыгып, даана көргүлүктү көрмөк экенбиз. Ал тургай, эки жаатка бөлүнгөн тараптардын ортосунда сен-мен деген маанайда кайым-айтышуулар болуп, “Силер бизди суракка ала тургандай прокурор белеңер, Бишкек ЖЭБ -23 даражага гана ылайыкталган, жылуулук баасын көтөрсөк, эл көтөрө албайт…”,  деген контрчабуулдар менен жооп берип, актанууга жандалбастап жатышты.

Көрсө, ошол 386 миллион долларга ЖЭБдин бир бөлүгү гана модернизацияланып, ал негизинен электр энергиясын иштеп чыгууга эле багытталган экен. Азыр бул сектор толук кандуу иштеп,  сыноодон өтүп жатканы да белгилүү болду.

Ал эми Улуттук электр тармактар ишканасынын жетекчисинин орун басары Н. Садыковдун маалыматына ылайык, бузулуу ЖЭБдин жаңылана элек бөлүгүндө болгон. Анын эң негизги себеби керектүү өлчөмдөгү сууну насос соруп чыгара албай, суудан өксүп калгандан кийин бул башка тетиктерди иштен чыгарган. Жөнөкөй тил менен айтканда, идиште керектүү өлчөмдө суу болбой, аны кургак эле соро берген насостор иштен чыккан. Кийин башка жабдуулар да бузулган.

Бир миллион калк жашаган Бишкектин жарымын гана жылуулук менен камсыздаган ЖЭБди модернизациялоого 386 млн коротулуп, ал да кайсы бир бөлүккө гана коротулгандыгынан шек санаган айрым жарандарыбыз ушул эле кытайлык ТВЭА компаниясы Дүйшөмбү шаарына 350 млн долларга жаңы ЖЭБ куруп бергендигин, бизден калкынын саны 2-3 эсе көп Алматынын ЖЭБин оңдоого 70 млн доллар жумшалгандыгын таап чыгышты.

Балким, бийликтегилер биздин сөзүбүзгө ишенбесе, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин: “386 млн АКШ долларына биз жаңы, заманбап, жогорку технологиялык  ТЭЦти шаардын сыртына куруп, шаарга зыяндуу түтүн, калдыктарды каптатпай, шаардыктар канча кааласа, ошончо жылуулук бере алмагыбызга ишендим. Аны шашпай, баардык зарыл процедуралардан өткөрүп, жарандык коомго жеткиликтүү жана ачык-айкын режимде курушубуз керек эле.

Жаңы ТЭЦ толук бүтүп, ачкычы колго тийгенче эскиси мурдагы жылдардай эле жетиштүү жылуулук берип тура алмак.  Ал эми тартыш болгон электр энергиясын биз түштүктөгү ГЭСибизден жаңы курган жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин линиясы аркылуу алып турмакпыз. Жаңы ТЭЦ ишке кирип, эксплуатациядан өткөндөн кийин эски ТЭЦти бузуп, анын ордуна шаардыктар үчүн эс алуу Борборун курсак болмок. Азыр болсо биз кайрадан колубузду көтөрүп…. Билбейм, эмнеге баратабыз?”,- деген сөзүнө ишенер.

Жогор жактагылар канчалык алдап, элдин башын айландыруу аракетин көрбөсүн, Бишкек ЖЭБи тээ Акаев доорунан бери эле коррупциянын, көмүрдү арзан алып, кымбат сатуунун чордонуна айланып калгандыгы чындык. Бул жерде миңдеген эмес, миллиондогон долларлар айланып, ага Ак үйдөгүлөр да аралашып келет.

Айткандай эле 386 млн доллардын кайда, кандай максатта жумшалгандыгын териштирүү боюнча УКМК менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Президент Сооронбай Жээнбеков да коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу элге берген убадасын аткарып, чечкиндүү кадамдарын ушул көрүнүштөн баштап, кулкуну бузуктарды таап, зынданга салса зоболосу көтөрүлөт.

«Жаңы ордо»

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар