“Жаш реформаторлор” атыккан өкмөттүн тарашы…

Атамбаев президенттикти досу Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берүүнү чечип, ал өкмөттүн жаңылануусуна алып келген.

 Сапар Исаков премьер-министр, Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр, Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министр, маркум Темир Жумакадыров вице-премьер-министрликке келген. Өкмөт жетекчилиги 40 жаштын тегерегиндеги жаштардан куралган.

Ошондуктан алар жаш реформаторлор катары мүнөздөлүп, Атамбаев жана анын пропагандалык машинасы тарабынан абдан катуу мактоого алынган.

Бирок жаш кадрлардан куралган бул өкмөт бир иштин өтөөсүнөн чыга албай жатып дээрлик тарап, жок болуп баратат. Маселен, булар  “Жаңы доорго кырк кадам” аттуу программасын (жомокко окшош) толук иштеп чыгып, жарыялоого үлгүрө элек.

Биринчи болуп Зилалиев мүдүрүлдү. Анын мүдүрүлүшү Темир Жумакадыровдун жол кырсыгында каза болуусуна кайсы бир деңгээлде себепкер болду…

Зилалиев, Жумакадыровдун өкмөт жетекчилигинин кетишинен соң Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министрликтен төмөндөтүлүп, ал жөнөкөй вице-премьер-министр болуп калды.

Биринчи вице-премьер-министрликке Атамбаевдин “любимчиги” Аскар Шадиев дайындалды. Атамбаев Шадиевди Жогорку Кеңештин төрагалыгына камдап, бирок Таластагы кырдаалга байланыштуу Дастан Жумабековдун “бактысы ачылып” кеткен эле. Атамбаев соңунда Шадиевди төрагалыктан кем эмес кызматка алып барды.

19-декабрда “жаш реформаторлор” аталган өкмөттүн курамынан Толкунбек Абдыгулов чыгарылып, кайрадан Улуттук банкка барары айкын болду.

Сапар Исаковдун өкмөтүндөгү бул кадрдык “чехарда” эмнени билдирет?

Биринчиден, “жаш реформаторлор” аталган өкмөттү түзүүдө эч кандай олуттуу ойлор, максаттар жана программалар болбогондугун айгинелейт.

Экинчиден, “жаш реформаторлор” өкмөтүн куроодо өкмөт башчы катары Сапар Исаковдун ролу күчтүү болсо, анда аны сактап калууда жана максатка жетүүдө эч нерсеге жарабастыгын көрсөттү.

Адегенде Сапар Исаков Толкунбек Абдыгуловду биринчи вице-премьер-министрликте сактай албады. Ал Атамбаевдин “капризи” менен Аскар Шадиевге ыйгарылды. Шадиевге бул кызматты берүүдө Атамбаевдин жеке симпатиясы менен өкмөттө регионалдык кадр балансын сактоо таасир эткени байкалат.

Эми Шадиев, Кенекеев, Султанбековалар менен кандай реформа да, кандай жаңылануу?

Ошентип, жыйынтыктап айтканда, Сапар Исаковдун “жаш реформаторлор” өкмөтү өзүнөн-өзү таш-талканы чыгып, тарап кетти…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар