Жаш өкмөт башчы шашканда…

Өкмөт башчы Сапар Исаков 11-октябрда Сочиде КМШ жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин президенттеринин саммитине катышканы белгилүү. Расмий жыйын аяктагандан кийин коридордо Сапар Исаков Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин жанына келип, чек арада түзүлгөн абал боюнча маселени көтөргөн.

Бул “ат жалындагы” жолугушуу тууралуу Сапар Исаков Фейсбуктагы баракчасына минтип жазган:

-“Евразия экономикалык биримдигинин экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат бердим.

Сүйлөшүүдөн кийин президент Нурсултан Назарбаев Казакстан өкмөтүнө чек арада түзүлгөн бардык маселелерди чечүүгө тапшырма берди”.

 

Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков мындай маалымат бергенден күн өтпөй Казакстан өкмөтү атайын билдирүү таратты.

Анда минтип айтылды:

-“Биринчиден, Сочиде Евразия экономикалык биримдигинин экономикалык кеңешинин алкагында Казакстан президенти менен Кыргызстан өкмөт башчысынын сүйлөшүүсү болгон эмес. Болгону С.Исаков мырзанын биздин мамлекет башчынын алдында кыска туруусу болгон. Ал анын Фейсбуктагы жеке баракчасына койгон сүрөт менен ырасталат. Экинчиден, “Казакстан президенти чек арада түзүлгөн бардык маселелерди чечүүгө Казакстан өкмөтүнө тапшырма берди” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Казак өкмөтүнө бул маселе боюнча өкмөт аралык консультация жүргүзүү тапшырылды…”

Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу дипломаттардын бири, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Сапар Исаковдун билдирүүсүн шашкандык деп атап, андан Исаков өзү да, Кыргызстан да уят болуп калды дейт.

Ал эми кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалга токтолгон Аликбек Жекшенкулов ал Кыргызстандагы президенттик шайлоодон кийин жайгарылат деп эсептейт…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар