Жарандык активисттер Жээнбековго чындыкты жеткирүүгө даяр…

Кыргызстандагы жарандык активисттер, укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго жолугуп, өлкөдө түзүлгөн абал тууралуу чындыкты жеткирүүгө ынтызар.

Президент тараптан да андай жолугушууну уюштурууга кандайдыр бир даярдыктар бар экени, ал мүмкүн ушул жаңы жумада болуп калышы ыктымалдыгы маалым болгон.

“Саясий туткундарды коргоо” комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаевдин айтымында, президент менен жолугушууда ачкачылык кармап жаткан саячсатчылардын талабын эң башкы маселе катары көтөрүү максатка ылайыктуу болот. Эгерде бийликке жакын активисттер ар кандай маселелерде козгоп, саясий туткундардын абалын жана талабын четке сүрүп салса, анда жолугушуу максатка жетпей калат.

Жарандык активисттер президент Жээнбековду коррупцияга каршы күрөштө чечкиндүү кадамдарга барууга, Атамбаевдин кадрларынан арылып, өз алдынча саясат жүргүзүүгө чакырып келатат.

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине жакында 100 күн болот. Ал 24-ноябрда ант берип, мамлекет башчысы кызматына киришкен. Мына ошондон бери жарандык активисттер, адам укугун коргоочулар менен жолугуша элек.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар