Жаңы үлгүдөгү Vision абасыз дөңгөлөктөрү.

Француздардын Michelin  компаниясы  Монреалда өткөн  Movin’On конференциясында өздөрүнүн жаңы технологияда жасалган Vision абасыз дөңгөлөктөрү жөнүндө айтып беришти.

Movin’On 2017 жыл (13–15 июнь, Монреаль, Канада)

Бул дөңгөлөктөр толугу менен кайра иштетилүүчү материалдардан жасалат.

Булар кагаз, жыгач, картон,бамбук жана каучук болушу мүмкүн.

Дөңгөлөктөрдү 3D-принтерлери жасап чыгарып, мезгилине жараша чийме сүрөттөрдү салууга болот. Кыш мезгилинде кыш үчүн жана жаз мезгилинде жазга ылайыкташкан чийме сүрөт чийдирип алсаңыз болот. Ушунусу жана аны колдонуу убакыты 10-15 жыл болгондуктан, бул дөңгөлөк абдан экономдуу деп Michelin компаниясы ишендирди.

Michelin компаниясынын билдирүүсүндө бул дөңгөлөктөр жарылбайт жана тешилбейт.

Андан тышкары өндүрүүчүлөр бул дөңгөлөктөртөргө атайын датчиктер коюлуп, мезгилине жараша чийме сүрөттөрдү өзгөртүүнү эскертип, сиздин уюлдук телефонуңузга айтып турат.

Демек керек болгон мезгилде  3D-принтерлери аркылуу чийме сүрөттөрдү өзгөртүп алсаңыз болот.

Баарынан жакшысы бул дөңгөлөктөрдүн экологиялык таза заттардан жасалып,  аны кайра иштетип койсо болгодугунда дешет экологдор.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар