Жаңы президенттин биринчи жыйыны

24-ноябрда ант берүү аземинен кийин президенттик кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын жыйынын өткөрдү. Анда 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жана коррупцияга каршы күрөш маселеси талкууланган. Коррупцияга каршы курөштү күчөтүү максатында Жээнбеков жакын арада Коопсуздук Кеңештин жыйынын чакырарын да билдирген.

Бул жыйында көзгө урунган бир жагдай, ага аппараттын эски кызматкерлери менен катар Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязовдун катышуусу болуп турат.

Ниязов 23-ноябрда Атамбаевдин жардыгы менен президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган эле.

Бул көрүнүштөр Фарид Ниязовдун президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалуу мүмкүнчүлүгүнөн кабар берет.

Аппараттык жыйында Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшкө басым жасаларын ишаара кылды. Шайлоо өнөктүгү учурунда да ушундай эле сөздөр айтылган. Жакыр Кыргызстанда бардык энергияны, мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдү коррупцияга каршы күрөш эле эмес, өнүгүүгө жумшоо эң башкы маселе болуп турат…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар