Жаңы Баш прокурор эскилерден эмнеси менен айырмаланат?

Президент Сооронбай Жээнбеков Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин Башкы прокурорлукка көрсөттү. Жогорку Кеңештин профилдик комитети анын талапкерлигин 24-апрелде колдоого алды. Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда да Жамшитов колдоо табарында шек жок. Анткени парламент учурда президент Жээнбеков тарабынан берилген ишаараны элпектик менен аткарууда.

Өткүрбек Жамшитов  Ош шаарына жакын Төлөйкөн айылында 1975-жылы туулганы айтылат. Ал буга чейинки Башкы прокурорлор Аида Салянова жана Индира Жолдубаевадан айырмаланып, көп жылдан бери прокуратура кызматында эмгектенип келатат. Белгилүү болгондой Жолдубаева жана Салянова прокуратура кызматында иштебей туруп эле Башкы прокурорлукка дайындалуусу үчүн сынга кабылган. Прокуратура кызматындагы көптөгөн кемчиликтер алардын мына ушул тажрыйбасыздыгынан келип чыкты деген сөздөр айтылган.

Башкы прокуратурага Өткүрбек Жамшитовду алып келүү менен президент Сооронбай Жээнбеков күч структураларына өзүнө лоялдуу адамдарды алып келүүнү дээрлик соңуна чыгарат.

Тартип коргоо органдары Атамбаевдин дилетант жан сакчыларынан арылып бүтөт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар