Жанар Акаев жүрүш уюштурууга кам көрүүдө

Парламент мүчөсү жүрүштүн максаты жана себептери тууралуу Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды:

-Бир нече жарандык лидерлердин жана коомдук уюмдардын демилгеси менен 30-сентябрда, саат 10:00дө, “Акыйкат шайлоо үчүн!” жалпы жарандык тынчтык жүрүшү өтөт. Маршрут 24-март скверине, Ахунбаев/Алмата көчөсүнө чейин.

Бул демонстрация биздин Өкмөт админресурска эч кандай чара көрбөгөндүгүнө нааразылык иретинде уюштурулууда! Баардыгы мыйзамдын чегинде, тынч мүнөздө болот. Бүгүн Бишкек мэриясына билдирүү менин колум менен тапшырылды! Элдин эркин эч ким майтара албайт! Жашасын кыргыз эли!

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар