“Жалал-Абадэлектродо” жалаң туугандарбы?

Кесиби, билимине карабай тууган-туушкандарды кызматка, ишке тартуу Кыргызстанда жогору кызматтарда эле эмес, жергиликтүү органдарда, ишканаларда да көнүмүш көрүнүш. Мындай көрүнүш коррупциянын, адилетсиздиктин өсүшүнө, коомдо нааразылыктын көбөйүшүнө алып келет эмеспи. Жергиликтүү тургундардын кабарлоосуна караганда, “Жалал-Абадэнергодо” дал ошондой көрүнүштөр орун алган. Аны фактылар менен карап көрсөк.

“Жалал-Абадэнергону” Кеңешбек Апсалиевич Маматканов  башкарат, анын биринчи орун басары Азамат Паизов. Бул экөө калк ичинде учурда УКМКанын абагында отурган Салайдин Авазовдун оң жана сол колу катары сыпатталат.

Эки жетекчи мырза “Жалал-Абадэнергого”  өзүнүн тууган-туушкандарын тыгып алыптыр. Маселен, Кеңешбек Маматканов кайнилери С.Мурзакматов жана К.Мурзакматов “Жалал-Абадэнергодо” электр энергиясы сатуу бөлүмдөрүндө иштесе, инилери Б.Апсалиев, Ч.Апсалиев, Ирискулов да кол алдында ишке алынган. Маматкановдун досу К.Раймахунов орун басары. Досунун аялы Г.Раймахунов кадрлар бөлүмүндө. Өкүл балдардын бири Б. Турганбаев диспетчер болсо, экинчиси М.Молдокулов сатуу бөлүмүн жетектейт.

Тууган-урук, дос-жарды жанына тартуудан Кеңешбек Маматкановдун биринчи орун басары Азамат Паизов да калышпаптыр. Маселен, анын аялы Ж.Абдрасулова, карындашы Г.Авазова, келини Ш.Авазова бухгалтерия тармагын тейлесе, иниси А.Авазов жабдып-камсыздоо (снабжения) жагында отурат. Күйөө баласы К.Абдыкадров механик болсо, жээни Абдыкадыров Э. сатуу бөлүмүндө. Кайниси Ж.Абдрасулов, жездеси К.Жолболдиев, дагы жакын-алыс туугандары Т.Шамшиев, Ш.Кочкоров, З.Халиков, С.Бекташов, М.Матраимов, Сабыр уулу Т. Азамат Паизовдун доорунда “Жалал-Абадэнергодо” дооран сүрүп жаткан мезгили.

“Жалал-Абадэнергодо” финансылык мыйзам бузуулар жана коррупциялык көрүнүштөр көптүгу калк ичиндеги узун сөздөрдөн. Алар мисал катары Аксы РЭСинде имараттын эки эсе кымбат курулушу, 2016-жылы 42 млн. сомдун ар кандай фирмаларга которуу менен жок болуп кетишин, айрым мончолорго электр энергиясынын кандай шартта берилип жатышы белгисиздигин мисал келтиришет.

Бул күндөрү Эсеп палатасы “Жалал-Абадэнергону”текшерип жатканы маалым. Бирок алар ишканадагы терс көрүнүштөрдүн бетин ачып, чындыкты алып чыгабы же жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы?

Жергиликтүү калкка бул жагы табышмак болуп турат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар