Ж. Сатыбалдиев ТЭЦтеги коррупцияны айтып чыгабы?..

Экс ажо АШАнын КСДПнын курултайынан кийин журналисттер менен болгон жолугушууда ТЭЦтеги коррупция боюнча калпыс сөзү президент С. Жээнбековдун бир топ кыжырын келтирип койду сыягы. Жаңы ажо чыныгы күнөкөөрлөр ким экенин эми көргөзүүгө бет алып, коррупция менен күрөшүүнүн аягы тереңдеп же болбосо улам жогорулай тургансып калды. Президенттин “коррупцияга тиешеси бар чиновниктерди ким гана болбосун, кандай эмгек сиңирбесин, жоопко тарткыла” дегени, УКМКнын коррупция менен иш алып барчу жетекчилигин көчүккө камчы менен да бир чапкандай эле таасир калтырды. Бул иш чара президент С. Жээнбеков тарабынан канчалык менен башталып калганынан да кабар берет. “Электр Станциялары” ААКсынын башчысы Узак Кыдырбаев менен ТЭЦтин модернизациясын ишке ашырган топтун башчысы Темирлан Бримкуловдун УКМКнын убактылуу кармоочу жайга камакка алынышы ТЭЦтеги 386 млн. АКШ долларынын кайда кеткенин, ал махинацияга кимдер аралашканын ачыкка чыгарууга карай багыт алганы байкалат. Албетте, ТЭЦтеги коррупция абдан эле жогору жактагы адамдарга барып такалары да шексиз. Андыктан бул ишке тийешеси бар айрым жогор жактагы күчтөр, жеке адамдар эмне кылаарын айласын таппай турган учур. Айрым бир маалымат каражаттары ТЭЦтеги мандемдүү модернизациялоо ишине экс өкмөт башчы С. Жээнбеков кол койгону тууралуу жаза башташканы да бул ишке аралашкан, анын ана башында турган адамдардын “акыркыны” табуу аракети башталган сыяктанат. Бирок, Сатыбалдиевдин кол койгону эле болбосо жаңылоо ишине чейин эле премьр — министрлик кызмат менен кош айтышып кеткендей болду эле. Бул киши да оңой менен жеңилип бербесе керек. ЖКнын ТЭЦ теги чууну изилдеген комиссиясы Ж. Сатыбалдиевди бир нече ирет чыгырып, келтире алышпай койгондугу маалым. Жантөрө мырза атайын расмий чакыруу барбай жаткандыгын айтып, түшүндүрмө бергени белгилүү. Ж. Сатыбалдиевдин Убактылуу өкмөттүн ишине кантип аралашып, өкмөт башчы болгонун, “Галдирбайлар”- деген, сөзү үчүн кечирим сураганын да элибиз жакшы билет. Жантөрө мырза эми чындап жатып алып галдирбайларга эмне бардым экен, галдирбай иштерге эмнеге аралаштым экен деп ойлонуп жатты бекен десең? Бирок, Сатыбалдиевди жакындан билгендер учуру келгенде чындыкты так бетке айтып саларын жана өзүнүн ишине так жүргөн адам экенин да сыпатташат. Андыктан, ТЭЦтеги жеп жутуулардын ачыгын ушу киши ачыкка чыгарбаса болду…

Назаркул Жоошбаев

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар