«Занозаны» соттоо уланат

30-июнда Октябрь райондук сотунда  «Заноза» сайтына байланыштуу төрт соттук териштирүү болот. 8:30судья Альбина Жээнбекова Нарын Айыптын эки макаласына байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан берилген доо арызды караса, саат 10:00 судья Болотбек Абдуллаев Текебаевдин юристтеринин маалымат жыйында айткандарын сайтта чагылдыруу боюнча ишти карайт. Түштөн кийин  Нарын Айыптын 2015-жылы жарыяланган макаласы жана “Адилет” укуктук-клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын президенттин дарегине айтылган сөзү боюнча соттук териштирүү болот.

Башкы прокуратура “Заноза” сайты, анын автору Нарын Айыпка миллиондогон сомдук доо койгон. Анын квартирасын камакка алып, өзүнөн эч кайда кетпөөгө тил кат алган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар