“Зайи” Курмановдун бузулган эстутуму же реалдуулуктан тайышы…

Мурунку бийлик учурунда бийликтин эң жогорку сересине көтөрүлүп, учурда серепчилик милдетти аткарып жаткан тарых илимдеринин  доктору Зайнидин Курманов деген бар. Мындай “дохтурлар” көп. Тилекке каршы алардын айрымдарынын трайбалисттик кесели мурдунан алысты же “өз короосунан” башканы көрүүгө, көрсө да туура баалоого жол бербей келет.

Мындай сокурлук же ичтен ириткен мителик  өткөөл мезгилде турган жалпы коомго терс таасирин тийгизип, эң төмөнкү инстинкттерди козгоосу менен опурталдуу жана өкүнүчтүү.

Оксана Малеваннаянын “этегине” эрмешип (Медет Садыркулов деген лидерин унутуп) Жогорку Кеңештин төрагалыгына жетишкен доктор «Зайи» (Оксана ушинтип чакырчу) Курманов лидерлик сапат, кыргыз мамлекетин түптөөчүлөр жана азыркы талапкерлер жөнүндө маек бериптир.

Мына ошол маекти окуган адам “Зайи” маекти эстутуму бузулган же “трайбалисттик” кесели кармаган учурда бергенби деген ойго келесиң.

Кыргыз мамлекетинин түптөөчүлөрү дегенде “Зайи” жалпы кыргызга атадай болгон Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдырахманов жана Иманалы Айдарбековду атаган. Бирок “дохтур” Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов сыяктуу мамлекетти  чыныгы түптөөчүлөрдү  негедир унутуп койгон…

1936-жылы Кыргызстан СССРдин катарына Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп киргенден кийин Кыргызстандын кыргыз улутундагы биринчи башчысы болгон Исхак Раззаковду да эсине алып койгон эмес.

1945-жылы 35 жашында Кыргыз ССРинин министрлер советинин төрагасы, 1950-жылы Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы кызматына келгенден кийин Илимдер Академиясын, Опера балет театрын, Бишкектеги, Оштогу, Караколдогу азыркы негизги жогорку окуу жайларын, мамлекеттеги (азыр да өлкөнүн арка-бели болуп турган) инфраструктураларды Исхак Раззаков кандай аракет, мээнет, күрөш менен түзгөнүн башкалар унутса да докторлордун, эң өкүнүчтүүсү тарых илимдеринин докторлорунун унутуп калышы кызык….

Эми азыркы лидерлерге баа берүүгө келгенде да “Зайинин”  эски ооруусу кармап калган.

Кыргызстандагы азыркы лидерлерди санай келгенде анын көзүнө “харизмасы” менен Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев гана көрүнгөн.  Ал Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдырахманов жана Иманалы Айдарбековдон кийин Бабанов, Сариевди атап, мына ушулар мураскер болуш керек дегендей ойду таңуулайт.

“Өмүрбек Бабанов-харизматикалык лидер. Эмнеге экенин эч ким билбейт, бирок баары бул шартылдаган жигитти сүйөт. Ал жылмайып, өзүнө тартып турат. Адамдарды өзүнө тартат. Анын бул жүрүш-турушу ийгиликтин кепилдиги”-деп Бабановго “жаш селкилердей” суктанат.

“Бабанов курултайда өтө шыктандырып, суктандырып сүйлөдү” дейт. Кыязы, доктор “Зайи” Кыргызстанды “өтө өнүккөн он өлкөнүн катарына кошом” деген Бабановдун кезектеги жомогуна катуу ишенип алгандай.

Албетте, доктор “Зайи” Бабановдун  өз баасында электр энергиясы, 7% насыя сыяктуу куру сыяктуу убадалар менен электоратты алдап келиши, “Кыргызстан” банкы, Азамат автоунаа базары, Валерий Хондун  Беловодскидеги мунай бизнесин  тартып алуудагы “рейдерликтери” жөнүндө сөз кылган эмес. Айдар, Максимдердин койнуна кирип, мына ушундай иштерди жасап жүргөнүн да эске алган эмес.

Темир Сариевге келгенде да эң жогору эпитеттер колдонулган. Банк ячейкаларын талап-тоноо, Балыкчы-Корумду жолундагы коррупциялык жаңжал, Убактылуу өкмөттө, андан кийин Атамбаевдин өкмөттөрүндө “эт менен челдин” ортосундагы жүрүүлөр жөнүндө эч сөз жок…

Доктор “Зайи” Атамбаевдин жеке өчөшүүсүнүн айынан абакта отурган   харизмасы боюнча да, саясий кесипкөйлүгү боюнча экөөнөн эч калышпаган  Өмүрбек Текебаевди,  саясатта Апсамат Масалиев сыяктуу тазалыктын үлгүсүн көрсөткөн, мамлекеттүүлүктү сактоону эң алдыга койгон, харизма, чечендиги боюнча алдына ат салдырбаган Адахан Мадумаровду, июнь коогасы чыкканды мекенди сактоодо баатырдыкты, лидерликти көрсөткөн Акматбек Келдибековду, Камчыбек Ташиевди атоого оозу барган эмес.

Мына ушул “дохтурлардын” трайбалисттик кесели жалпы коомго тарап, тескери бир тенденцияларга үрөн болуп берип жатышы менен өкүнчүчтүү…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар