Бабановго өчөшкөн бийлик Рысалиевге мандат берди

Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Нургазы Нишанов депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырары 4-октябрда маалым болду. Бошогон депутаттык мандат кезекке жараша  “Республика-Ата Журттун” тизмесиндеги генерал Зарылбек Рысалиевге тийиш керек эле. БШКа дароо мандатты Рысалиевге ошол эле күнү тапшырды.

Убагында мандат тийбей калган генерал Рысалиев иниси Өмүрбек Бабановго абдан капа болуп, экөө жүз карашпай калган. Таарынган Зарылбек Рысалиев президенттик шайлоодо Бабановду эмес, Сооронбай Жээнбековду сүрөөнгө алып жүрөт.

Президенттик өнөктүктө Сооронбай Жээнбековду катуу колдоп жаткан Зарылбек Рысалиев мандат алып, Жогорку Кеңешке келсе фракция ичинде Бабановго каршы чыгып, ички оппозиционерге айланышы күтүлөт.

Ошентип, бийлик Нургазы Нишановго (Кыргызжылуулукэнерго компаниясынын башчылыгы) кызмат берип, мандатын өз эрки менен таштоого көндүрүп, Бабановго каршы ичтен чоң чабуул баштады.

 

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар