Ыңкылап өз баласын өзү мойсоду…

16-августа кечки саат тогузга жакын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу “Ата Мекен” партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновго өкүмүн окуду. Ага ылайык эки саясатчы 8 жылдан кесилди. Мунапыс колдонуу жана тергөө абагында отурган мөөнөттү санаганда алар төрт жарым жыл отурат.

Текебаев жана Чотонов  Мегаком уюлдук компаниясын орус ишкери Леонид Маевскийге алып беребиз деп, андан 1 млн. доллар пара алышкан деп УКМКа айыптап, сот мына ошонун негизинде өкүмүн чыгарды.

Өкүмгө ылайык саясатчылардын үй-мүлкү да конфискацияланат жана өздөрүнө абактан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыю салынат.

Бул өкүмдү Текебаевдин адвокаттары жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрылышат. Бирок азыркы бийлик учурунда аны өзгөртүүгө ишенич дээрлик жок.

Анткени Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун иши баштан аяк саясат. Анын башаты 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Атамбаев менен Текебаевдин биринчиликти талашуусунан башталат. Ошондо эки саясатчы бири-бирине каршы компроматтарды топтоп, аны убагы жана ыңгайына жараша колдонуп келишкен.

Мына ошол компроматтык согуштун биринчи бөлүгүндө Атамбаев жеңишке жетишкен. Ал “Ата Мекенди мародерлор партиясы” деп атап, мына ошону менен алсыратып, лидери Текебаевди президенттик шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз кылган.

Бирок шайлоодон кийин ыңкылаптагы өнөктөштөр өнөктөштүгүн улантты. Ыңкылапка тиешеси жок таасирлүү, акчалуу конкуренттерди ар кандай жолдор менен биргелешип талкалап, сындырып күйгүзүштү.

Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдун “Ата Мекен” жана Атамбаевдин кадры  Аида Салянова баш прокурор учурунда “жерден алып, сууга салынганын” эске алуу жетиштүү…

16-августа Биринчи май райондук сотунун алдында милиция кызматкерлери менен кер-мур айтышып Болот Шер турду. Ал милициянын аракетине нааразы болуп жатты.

2010-жылы 6-апрелде Таластагы толкундоолорду уюштуруп, ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди мыкаачылык менен сабоодо, Талас облустук милициясынын курал-жарагын талап-тоноп, ал курал-жарак менен Бишкекке, Акүйгө жылгандардын башында ушул Болот Шерлер турган эмес беле?…

Өмүрбек Текебаевдин сотунда Роза Отунбаева сотторго нааразы болду. Наалатын дагы айтты. Бирок ушул абалга алып келгендердин башында өзү турбады беле?

Жеке анын колдоосу менен Атамбаев бийликке келип, башкалар реваншисттер деп жектелип, парламенттик шайлоодо жеңгенине карабай Жогорку Кеңешке жолотулбай койбоду беле?

2010-жылдагы ыңкылаптын башында турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарынын күнөөлөрү ачылат, жоопко тартылат деп Атамбаев тынымсыз айтып келатат.

Кокусунан бийлик алмашып кетсе Алмазбек Атамбаев алардын ордуна отуруп калышы толук мүмкүн.

Мына ошондо картина толук болуп, баары ордуна келет беле?

Анткени ыңкылаптардан кийин тең салмактуу, адилетүү функцияланууга жөндөмдүү бийлик системасын орнотпогондор  азабын тартууда. Акаев, Бакиев да мына ошолордун катарында…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар