Хрущевдун небереси поезд алдында калды

Орусиянын маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 8-июнда Москвада электричканын астында калып, 77 жаштагы Юлия Хрущева каза тапты. Ал Киев багытындагы Мичуринец платформасында турганда поезддин алдына жыгылып кеткен.
Юлия Хрущева КПССтын баш катчысы болгон Никита Хрущевдун небереси экени аныкталган.
Хрющевдун уулу Леонид Хрущев согуш учагынын учкучу болгон. 1943-жылы согуш мезгилинде согуш талаасынан кайтпай калган. Мына ошондон кийин Никита Хрущев небересин асырап алган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар