“Витязь” ээсин таптыбы?

Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионаты 2010-жылы мамлекеттештирилген. Ага чейин ал Максим Бакиев жана анын жакын өнөгү Алексей Елисеевге таандык болгон. Мамлекеттештирилгенден кийин пансионат расмий түрдө Мамлекеттик мүлк фондуна тиешелүү болуп келген менен, пансионат иш жүзүндө мурунку губернатор Эмил Каптагаевдин жакындары башкарары айтылып келген.

Пансионат чыгаша менен иштеп, өзү да бузулуп баратканы айтылган.

Өкмөт жети жылдан кийин пансионатты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп берүүнү чечти. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгону дүйшөмбү күнү кабарланды.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар