Вашингтон-Москва таймашы: Кремль чабалдыгы эмнеде?

АКШ президентти Дональд Трамптын адаттан тыш “Россия даярдан менин ракеталарым учуп баратат” — деген сыяктуу билдирүүлөрү,  ага удаа эле АКШ, Франция, Улуу Британиянын Сирияга карата атылган ракеталары дүйнө коомчулугун бир дүрбөтүп алды. Бул көрүнүштү дүйнөнүн саясый сахнасында АКШ өзүн негизги оюнчу катары көргөзүүгө жасаган далалаты катары сыпаттасак да болот.  Акыркы учурларда күндө күнгө курчуп бара жаткан эл аралык абал бир жолу чыңалып барып, кайра төмөндөгөндөй болду. Доналд Трамп Сирия чабуулунан кийин Россия, Иран менен кайрадан мамиле оңолуп же оңолбой калышы мүмкүндүгүн  айтып, АКШ дүйнөдө экономикалык жактан эң кубатту мамлекет экендигин дагы бир жолу эскертип, Россияны теңине албагандай да таасир калтырды. Орус саясат талдоочулары бул кол салууларды АКШ өздөрүн жөн гана көрсөткүлөрү келишкендеги аракети катары сыпатташты.

АКШнын мен билемдигинин да негизги себеби бар. АКШнын башкы артыкчылыгы экономикалык жактан эң кубаттуу мамлекет. Аскерий жагынан алганда да  эң кубаттуу өлкө. Россияга салыштырмалуу жана башка артыкчылыктары огеле көп. Анын баарына токтолуунун зарылчылыгы жок.

Россиянын негизги таянганы эле ядролук куралы жана аскердик курал жарактары бир топ мыктылыгы . Экономикалык жактан АКШга караганда өтө эле чабал. АКШнын бир штатына барабар экономикасы бар. Ошону менен катар эле 1990 — жылдардан кийин бир топ ички саясый, экономикалык кризистерден улам эми араңдан башын көтөрүп келатат.

Кыргызча айтканда, АКШнын Рооссияны буттан чалып жыгуу аракети 2014 – жылы Украина окуясынан улам башталды десек жаңылышпайбыз. Тактап айтканда, АКШ Европа менен биргелешип, Россияга карата киргизилген  экономикалык санкциялары нефтинин баасынын арзандоолоруна алып келди. Рублдин наркы дөмөндөдү. Көптөгөн нефтини кайра иштетүүчү батыш өлкөлөрү менен биргелешкен компаниялар ишин токтотууга аргасыз болду. Мындай көрүнүш азыркы күнгө чейин уланып келе жатат. Россиянын негизги экономикалык таянычы болгон нефти өндүрүшүнө карата жасалган аракеттердин зыяны орчундуу. Бул тармакка чет өлкөлүк инвестициялардын агымы токтогонго аргасыз болду.

2017 — жылы нефти өндүрүүчү технологияларды Европадан Россияга экспортоого тыюуу салынды.  Дүйнөнүн заманбап нефти өндүрүүчү технологияларын алып келип пайдалануусуна чек коюлгандыктан, өздөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болуп чыгууда. Айрыкча деңиздин түбүнөн нефтини казывп алууда чоң тоскоолдуктар жаралды.

Ошону менен катар эле Россиянын Батыш өлкөлөрүнө болгон чийки заттарды экспорттоо көлөмү азайтылды.

АКШнын экономикалык санкцияларынан кылыбыз кыйшайбайт деген Россия бара бара бир топ зыян тартууларга дуушар боло тургансып туру. 2014 жылдагы кризисттен чыгууга камылгалар көрүлүп жатканда, бир аз мурдагы эле Кремлге жакын 50 Россиялык миллиардерлерге карата АКШ тарабынан киргизилген экономикалык санкция бир күндүн ичинде аларга 11,7 млрд. доллар зыян алып келди. Бул да экономиканын өсүүсүнө терс таасирин тийгизбей койбойт. Улуттук валюта наркы төмөндөдү. Коомчулукта инфляциянын чыгалуусун жаратты. Россия өкмөтү жабыр тартышкан миллардерлерге канчалык финансылык көмөк алат ал да суроо жаратып турат?

Албетте, Кремл да АКШнын экономикалык санкцияларына карата чараларды колдонууну максат кылып жаткандыгы айкын. Биринчиден, АКШнын айрым бир товарларына өздөрүнүн рыногуна кирүүсүнө чек коюуу мүмкүнчүлүктөрү бар. АКШ, Европадан келүүчү айыл чарба продукцияларына спирт ичимдиктери, тамеки, тамак аш азыктары, айрым чийки продукциялар, дары дармектер жана авия курулуш тармактарынан кызматташууну токтотуу.  Америкалык айрым бир компаниялардын өндүрүштүк активдерин тоңдуруууга болот.

АКШнын айрым бир атуулдарынын Россияга кирүүсүнө тыюуу салууну мамлекеттик Думада каралып башталды. Мындай демилгени ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский көтөрүп чыкты.

Ал эми статикалык маалыматтарга таянсак, Россия дүйнөнүн экономикалык кубатту мамлекети болгон АКШга атайын сакцияларды киргизүү менен таасир эте албашы байкалат. Өткөн жылы АКШ Россияга 7 млрд. долларга гана товарларын экспорттогон. Бул жалпы сыртка кеткен экспорттун 0,2 пайызын гана түзөт экен. Албетте, бул көрсөткүч өтө аз. Россия АКШга бир жыл ичинде 17 млрд. Доларга товар экспорттоп, жалпы экспорттун 4,7 пайызын гана түзгөн.

Учурда АКШнын Каржы министрлигинин Кошмо Штаттардын Орусияга каршы жаңы санкциялары жарыялайланышы күтүлүүдө. АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман Россиянын Башар Асадды колдогондугу үчүн Кремлдин айланасына жакын айрым бир ири компанияларга каршы жаңы санкциялар даярдалып жатканын айтып чыкты.

Эми мунун баары Кремлди тизе бүгүүгө карата жасап жатышкан аракеттери. Президент Путин дүйнөдө эрки бекем лидер катары эч качан андайга барбоосу бирден белгилүү. Орус эли “биздин ата бабалар тарыхта багынган эмес, багынбайбыз дешет”.

Назаркул Жоошбаев

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар