Уюлдук телефондорду тыңшоо…Андан сактанууга болобу?

Баарыбыз уюлдук телефон көтөрүп жүрөбүз. Ал биз үчүн  канчалык ыңгайлуу жана керектүү болбосун, алар бизге каршы иштеши  мүмкүн. Азыркы программаларды билген жана  түшүнгөн адистер үчүн, сиздин уюлдук телефон жаныңызда жүрсө, ал адам да жанымда жүрөт деп түшүнсөңүз болот. Керектүү программалар аркылуу сиздин уюлдук телефонду угуп гана жөн болбостон, сиздин СМСти окуп, телефонуңузда сакталган сүрөттөрдү, видеолорду көрүүгө жана угууга, өзүнө көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк алат. Геоданныйлар аркылуу сиздин кайда жүргөнүңүздү билүүгө болот. Кээ бир программалар аркылуу сиздин иштебей эле турган телефондун микрофонун гана иштетип, сиздин бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканыңызды микрофон менен угууга болот.

Келиңиздер эми ушул нерселерди кантип жана кандай жол менен ишке ашыраарын талдайлы.

Буларды талдоодон мурун тема боюнча бир тамаша:

-Бирөөнүн телефону шыңгырап калат:

-Ал чочуу менен акырын “алло” – дейт

-Саламатсызбы, мен ФСБдан чалып жаттым эле.

-Мен түшүндүм, сиздин ФСБдан чалып жатканыңызды.

-Сиз кайдан билдиңиз менин ФСБдан чалып жатканымы.

-Анткени сиз менин өчүрүлгөн, симкасы жок телефонума чалып жатасыз  — дептир

Эң оңой жолу болуп, уюлдук телефонду угуу жана смс терди окуу бул СОРМ(система оперативно-розыскных мероприятий) аркылуу жүргүзүлөт. . (СОРМ бул орустардыкы, ар мамлекеттерде ар кандай аталышы мүмкүн, мисал үчүн ушул эле ат менен калтырууну чечтик.)   Мындайча айтканда сиздин телефонуңуз жана сиздин уюлдук компаниянын ортосунда  СОРМ олтурат жана ал мамлекеттик органдар аркылуу көзөмөлдөнөт. Бардык уюлдук компаниялар закон боюнча өзүнүн АТСин СОРМ менен иштөөгө ыңгайлаштыруусу керек. Бул закон жана андан эч ким качып кутула албайт. Эгерде бул законду аткарбаса, анда ал компаниянын лицензиясы кайтарылып алынат. Закон боюнча уюлдук телефонду  көзөмөлгө алуу үчүн соттун чечими керек, соттун чечимисиз да көзөмөлгө алынышы мүмкүн, ал терроризмге каршы күрөшүүдө.  Ошол үчүн  бир да атуул, менин телефонумду эч ким укпайт деп айта албайт.   Себеби уюлдук компанияларда СОРМдун   ишине кийлигише албайт, терроризмге 2 номер күмөндүүбү же 20 номер күмөндүү болуп тыңшалып жатканын текшере алышпайт, анткени СОРМ биз башында айтып кеткендей алар уюлдук телефон менен уюлдук телефонду тейлеген компаниянын ортосунда олтурат. Россияда, Казакстанда иши кылып, мурунку союздук мамлекеттердин баарында эле ушул көрүнүш. Албетте, Прибалтика мамлекеттеринде мындай тыңшоолор боюнча закондор жакшы иштелип чыгып, санкциясыз угуу мүмкүн эместигин айтышат, а эми калган  мамлекеттерде СОРМ аркылуу, бийлик-оппозицияны,   жетекчилер-кол алдында иштегендерди, кол алдында иштегендер-жетекчилерин тыңшоо менен алакет.

Кол алдында иштегендер жетекчисинин номерин тыңшоого коё албайт, бирок ал кимге чалса ошонун номерин тыңшоого кою менен жетекчилерине компроматтарды топтойт. Буга, өзүңүздөр байкагандай акыркы мезгилде интернетке чыгып жаткан материалдар далил боло алат.

 

А демократиянын чокусу деген АКШ мамлекети болсо, бүт дүйнөнү тыңшаарын өзүңүздөр билесиздер. Албетте АКШ башка мамлекеттердин СОРМун колдонбойт, алар такыр башка «шпиондук» программалар жана аппараттар аркылуу көзөмөлдөшөт.  Кийинчерээк буга кеңири токтолуп кетебиз.

Андай деген менен СОРМдун  алсыз жактары да бар. Эгерде WhatsApp, Viber, Skype, Telegram сыяктуу программалар менен сүйлөшсөңүз аларды угуша албайт жана сиз жазган сөздөрдү, жөнөтүлгөн файлдарды окуй албайт. Бул компаниялар өздөрүнүн программаларын өтө катуу көзөмөлдөшөт жана аны соттун санкциясы жок, мамлекеттик органдарга көзөмөлдөөгө уруксат беришпейт.

WhatsAppтын    Кытайда  жабылышына башкы себептердин бири ушул болду. Бирок биз, сиздер WhatsApp, Viber, Skype, Telegram жана башка программалар аркылуу сүйлөшсөңүздөр аны эч ким уга албайт дегенден алыспыз. Бул программалар аркылуу сүйлөшүүлөрдү көбүн эсе, сиздин уюлдук телефонго ар түрдүү программаларды орнотуу аркылуу же болбосо алыстан эле сиздин телефонду  жасалма уюлдук базалык станциялар аркылуу угуп алса да болот.

 

Жасалма базалык станциялардын радиусу 500 метрге чейин жетип, ошол радиустагы каалаган телефонго байланышып, аны угуп, ага «трояндык» программаларды жөнөтүү жана орнотуу, смстерин окууга жана смс жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул аппараттарды Кытайдын базарларынан кеңири эле сатып алса болот.

Бул жасалма станцияларды детективдик ишканалар жана ар кандай компаниялардын коопсуздук кызматтары көп колдонот.

Бул аппараттардын  радиусу 500 метр болгондуктан, колдонуучуларына чоң убаракерчилик алып келет, себеби алар көзөмөлдөгөн адам дайым жылып жүрүүсү мүмкүн. Ошол себептен уюлдук телефонду көзөмөлдөө үчүн, адистердин айтымында-бул, уюлдук телефонго «шпиондук» программаларды отургузуу болуп саналат. Булар кайсы программалар жана аларды кантип аныктоо, кантип коргонуу жөнүндө эмки макалаларыбызда кеңири токтолобуз.

Алим Таштан

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар