Улуттук банктын валюталык резерви канча?

11-январда президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Улуттук банктын валюталык резерви 2 млрд. 182 млн. доллар экенин, бул алдыга ишенимдүү кароого мүмкүнчүлүк берерин”  билдирген.

Жээнбеков өз кезегинде улуттук валютанын туруктуулугу, банк-финансылык мекемелердин өз нугунда иштеши зарыл экенин белгилеген.

Эл аралык финансылык институттар Улуттук банктын валюталык резерви өлкөнүн кеминде үч айлык импортун жабыш керек деп эсептейт. Кыргызстандын өткөн жылдын сегиз айындагы импорту 3 млрд. 561 млн. долларды түзгөн. Демек, орто эсеп менен алганда үч айлык импорту  1млрд. 335 млн. доллар болот. Бул каражат Улуттук банктын үч айлык импортту жаба турган дарамети бардыгын кепилдейт. Бирок өлкө үчүн бул өтө аз жана ченелүү акча.

Буга карабай Улуттук банктын демдүү болуп жатышына, акыркы кезде эмгек мигранттарынан акча которуулар көп болуп жатканы да себеп болуп жаткандай. Ушул эле Улуттук банктын маалымты боюнча, 2017-жылы кыргыз эмгек мигранттары 2 млрд. долларга жакын акча которушкан…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар