Улуттук банк үстөк пайызды өзгөртүүсүз калтырды

Үстөк пайызды 5% өлчөмдө калтыруу чечимин Улуттук банктын башкармалыгы кабыл алганы 30-майда кабарланды. Мындай өлчөмдөгү үстөк пайыз өткөн жылдын соңунан бери сакталып келатат. Улуттук банк өз чечимин экономиканын быйылкы жылдын төрт айында  7.7% өсүш, инфляциянын төмөндүгү жана улуттук валюта сомдун туруктуулугу менен байланыштырууда.

Экономист Мейманбек Абдылдаев  Улуттук банк жана өкмөттүн саясатын сынга алып, өлкө экономикасы узак мөөнөттүк жана арзан насыялар менен камсыздалбай жатат дейт. Мындай саясаттын айынын Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 25 жылдан бери ордунда калып,  1100 доллардын тегерегинде экенин Абдылдаев белгиледи.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар