Улуттук банк долларларды сатып алууда

Июль айынын биринчи он күндүгүндө сомго карай доллардын курсу көтөрүлүп, бир доллардын баасы 69 сомдон аша баштаган эле. Бирок июлдун жарымынан тарта тескери тенденция жүрүп, доллардын курсу төмөндөй баштады. Курстардын кескин өйдө-ылдый болушуна жол бербөөнү көздөгөн Улуттук банк валюта базарынан доллар сатып алууга киришти. Маселен, 14-июлда дээрлик 14 млн. доллар сатып алса, 21-июлда 4 млн. доллардан ашуун сатып алган.

Ушул мезгилде доллардын курсунун төмөндөшүн адистер туристтик сезондун күч алышы менен түшүндүрүп келатат. Анын үстүнө эмгек мигранттарынын мекенине акча которуусу да көбөйүп, ал дагы валюта базарына таасирин тийгизип жаткандай.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар