Улукбек Кочкоров президенттик таймашка түштү

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, “Жаңы доор” партиясынын лидери Улукбек Кочкоров президенттик таймашка талапкер катары катышууга арызын берди. Ал социалдык тармактагы колдоочуларына ыраазычылык билдирип, алардын колдоосуна муктаж экенин белгиледи.

Жаш саясатчы Улукбек Кочкоров жакында эле “Жаңы доор” партиясын түптөп, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып, системдүү иш алып барууга умтулууда.

2010-жылы шайланган парламентте эң таанымал жана курч, компеттентүү депутаттардан болгон Улукбек Кочкоров эл аралык саясат, финансы-экономика маселелери боюнча жогорку сабаттуулугун көрсөтүп, Кыргызстандын патриоту катары аракеттенип келатат.

 

There are 5 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар