Улан Саляновго кол салуу: версиялар

Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда түнү Көк-Жардагы үйүндө атып кетишкен. Бет капчан, аскерий камуфляж кийген үч адам ок чыгарып,үйдөгү эч кандай буюм-тайымга тийген эмес.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча кылмыш ишин ачып, тергөө жүргүзүүдө. Бийлик бул ишке кадимки кылмыш катары карап, анда саясий бир өңүттөр жок дегендей ишаара берип жатат.

“Ата Мекен” партиясы тескерисинче бул иште көбүнчө саясат жатат деп эсептейт. Партия өзүнүн билдирүүсүндө аны бир нече жүйөө менен негиздеген:

Биринчиден, Улан Салянов чоң саясатка аралашпаган, чоң бизнеси жок. Бүтпөгөн үйү жана колдон алынган чакан автоунаасы бар, эки баланы тарбиялап, өстүрүп жаткан мыйзамды сыйлаган жаран болгон.

Экинчиден, уурудап-тоноо үчүн келгендер дарбазасы жок, бүтө элек үйгө кирүүгө барат беле? Албетте жок.

Үчүнчүдөн, 6-ноябрдагы киши өлтүрүү өз ишин билген, атайын даярдыктан өткөн адамдар тарабынан жасалган. Алардын максаты Улан Салянов жана үй-бүлөсүн өмүрүнөн ажыратуу болгон. Алар үйдөн кымбат баа буюм, акча эч нерсе издешкен эмес, алган эмес.

Төртүнчүдөн, Аида Салянова баш прокурор кезинде аны жок кылабыз дегендер көп болгон. 2014-жылы 18-сентябрда белгисиз адамдар Улуттук гвардиянын күзөтчүлөрүнө кол салып, Аида Салянованын кайда жашарын айтып берүүнү талап кылышкан. (Бул иш боюнча кылмыш иш козголуп, бети ачыла элек.)
“Ата Мекен” партиясы Улан Саляновду атып өлтүрүүдө саясат жатат деген билдирүүсүн мына ушул төрт жүйөө менен негиздеген.

Партия абактагы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун, депутат Аида Салянованын да өмүрүнө коркунуч бар деп эсептейт. Өкмөттөн алардын коопсуздугун камсыздоону талап кылат.

Жогоруда айтылгандай, бийлик Улан Саляновду өлтүрүүнү саясатка жуутпоо аракетинде.

Чындыгында, бийлик үчүн Аида Салянова саясий жактан коркунуч туудура албайт. Ага кудурет жана мүмкүнчүлүк жок. Бир бутунан кылтакка илинип турган Салянованы ( 5 жылга кесилген. Жаза өтөө мөөнөтүн кийинки мезгилге которуу менен) боорго тээп, биротоло мүңгүрөтүүнүн зарылдыгы болбосо керек…

Эгерде эле Аида Салянованын колунда чооң компроматтар болуп, аны ачам деп бийликти коркутпаса…

Бирок анын кимдир бирөөнү коркутканын уга да, биле элекпиз…

Бийликтин бул киши өлтүрүүгө тиешеси болсо, анда бул башкаларды коркутуу, сестентүү гана максатын көздөйт… Таласта эл тынчыбай, мөңгү маселеси көтөрүлүп, Казакстан менен мамиле абдан курч болуп турган мезгилде саясатчыларга, активисттерге эскертүү болушу ыктымал…

Бул бир версия. Экинчи версия боюнча, Аида Салянова баш прокурор кезинде абдан көп адамдарга, анын ичинде өтө таасирлүү жана бай адамдарга абдан оор забын келтирген. Анын азабын алар азыркы кезге чейин тартып келатат. Ошондуктан Улан Саляновага кол салууну мына ошол адамдардын бири жалдашы да ыктымал.

Үчүнчү бир версия боюнча, бул кылмыштын учугу 2014-жылдагы коррупциялык көмүр жаңжалына барышы ыктымал.  Мына ошол көмүр жаңжалы Салянованын да иштен кетүүсүнө негизги себеп болуп берген эле.

Анын жөнү мындай:

2014-жылы баш прокурор Салянова жана анын жан-жөкөрлөрү  Бишкек Жылуулук борборуна көмүр ташуу бизнесине аралашып, “Жезказганэнергосбыт” аттуу компанияга тендерди утууга шарт түзүшкөн.

Ал кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сотко берип жатып, бул компаниянын көмүрүнүн калориясы талапка жооп бербейт деген чечим чыгартып, Саляноваларды көмүр бизнесинен сүрүп чыгарган. Натыйжада бийлике жакын “Прогресс компани” (Машкевич, Ибрагиомдорго тиешелүү) тендерди утуп, көмүр бизнеси мурунку ордун тапкан.

Бишкек Жылуулук борборуна көмүр ташуу бизнеси Акаевдин мезгилинен бери биринчи адамдарга тиешелүү экени белгилүү.

Бийлик мына ошондо УКМКа аркылуу Аида Салянованын тобуна экинчи соккуну уруп, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нуртазин Жетибаевди, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери Марсбек Маданбековду жана “Электр станциялардын” коопсуздук кызматынын кызматкери Турсунбек Мамбеталиев камакка алынган.

Мына ошол “көмүр титандарынын” кармашында  “Электр станциялар” акционердик коомунун ал кездеги директору Абдылда Исраилов “жүрөгү кармап” ооруканага түшкөн.

Аида Салянованын күйөөсү да мына ушул иш боюнча соттолгон.

Мына ошол  чоң таймашта маркум Улан Саляновдун кандайдыр бир роль ойногону тууралуу маалыматтар бар. Эгерде “Жезказганэнергосбытка” берилген убадалар аткарылбай, алар тарткан ар кандай чыгымдар ордуна келтирилбесе, Казакстандык көмүр мафиясы да бул жерде жөн жатпашы мүмкүн деген версия пайда болот…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар