Укук коргоочулар, ардагерлер токой чарбасындагы абал боюнча президентке кайрылды

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбековко Жалалабад облусундагы укук коргоочулар А. Орозов, Б. Тургунбаева жана Токой чарбанын ардагерлери Азим Токоев, Абдымалик Сатаров кайрылышты. Алар Жалалабад облусунун токой чарбасында көп жылдан бери баш-аламандык орун алганын, коррупция өркүндөп, канчалаган арыздар жазылса дагы, областык жана райондук милиция жана прокуратура текшеримиш болуп акырына чыкпай келатканын белгилешкен.

Кайрылуунун тексти төмөнкүдөй:

Урматтуу Сооронбай Шарипович, “мыйзамдын кулу болом” деп ишендире убада кылган элеңиз. Эми аткара турган убакыт келди, бир гана саясый эрк керек, эгерде мамлекетти өнүктүрүү багытты колдосоңуз. Убадаңыз сөз бойдон калбаса экен деп үмүт артабыз.

«Кырк кадам» программасы даярдалып жатат. Бирок кал кандай аткарылат? Кеп ошондо, же кагаз бетинде кала береби?

Биз, жарандык коом, активисттер көмөк көргөзүүгө дайым даярбыз. Саясый эрдик кылып уурулукту токтотсоңуз, элге кызмат кылган болот элеңиз. Биздин ниетибиз токой чарбасын сактап калуу. Биз эмгек ардагерлери Токой чарбанын окуусун окуп, ошо алган билимибиз менен Кыргызстандын токой чарбасын өнүктүрүүгө салым кошуп келгенбиз. Кээ бир мамлекеттер токой чарбасы жок эле, атайын жаңгак плантация айдап өстүрүп миллиарддаган доллар пайда таап жатышат.

Биздин Жалалабад областык токой чарбасында, жаратылыштан жаралган жаңгактын пайдасын жетекчилер жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат. Алардын жаратылышка жыркычтык мамиле кылганы өкүнүчтүү.

Кытай өлкөсү жылына 1 000 000 тоннадан ашык, Америка -700 000 тонна, Украина -150 000 тонна,  Молдавия -100 000 тонна, Түркия -130 000 тонна жаңгактан түшүм алып, пайда таап жатат.

Ал эми, Кыргызстан жылдар бою 10 000 (он миң) тоннадан башы чыкпай келет, болбосо он – жыйырма эсеге көбөйтүшкө бардык мүмкүнчүлүк бар. Токой чарбага келген жетекчилер эптеп эле жеке кызыкчылыгын көздөп, ишке ашпаган программа түзүмүш болушат, бирок ал программа ишке ашпайт, кагаз ордунда кала берет. Ал эми уурулук жагын өтө өздөштүрүп алышкан, болбосо алынган программада боюнча мөмө -жемиш, жаңгактын көлөмү жогорку көрсөткүчкө чыкмак. Жаратылыштан пайда табуунун ордуна кайра бюджеттин миллиондогон акча каражаттарды жеп жок кылып келишет.

Себеби, А.Акаевдин доорунан бери адистиги жок эле көрүнгөн саясатчы сөрөйлөр токой чарбасына жетекчиликке  дайындалып келатат.

Мураталиев, Бекенбаев, Рустамбеков, Тургуналиев, Давлеткелдиев, Атаджанов, Рустамов токой чарба агенттигине жетекчилик кылып бир дагы натыйжалу иш кылбай, талкалап кетишти. Бир гана Топчубек Тургуналиев таза кетти, Топчуке тез реформа кыла коём деп топту уурулардын куугунтугуна калган. Ажолордун токой тармагына көнүл бурбай, кайдыгерлигинен азыркы абалга келип турабыз.

Кыргызстандагы токой чарбасын өнүктрүүгө сунушун берген жана  кетирилип жаткан кемчилдиктерди айткан алдыңкы адистердин 90% кызматтан четтетилип, токой чарбасын адистерден  тазалашты.

Азыркы күнү токой чарбада кадрдык деградация өкүм сүрүүдө. Ошондуктан, КР өкмөтүнүн 02.06.2014-ж. №293 сандуу «2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн көбөйтүү боюнча программаны аткаруу» жана «Тез өсүүчү дарактарды айыл чарбасына жараксыз жана жер көчкү коркунучунда турган жерлерге отургузуу боюнча» 2012-ж. 6-июнь №253 Токтомдун негизги максаты- жогорку сапатта, тез жетилүүчү, түшүмдүүлүгү жогору, аба-ырайынын ысык-суугуна чыдамдуу жана даамдуу жаңгак, мисте, ширин бадам плантацияларын кеңейтүү болчу. Тилекке каршы бул токтомдор көз боёмолук менен аткарылбай келе жатат. КР Өкмөтү тарабынан токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө албагандыгынан ууру чиновниктерге майдай жагып жаткан кези.

Токой чарбаны толук өздөштүрө албаган А.Рустамов жана анын тегерегиндеги билими тайкылар, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого, көзөмөлсүз ишке жол берип койгон. Департаменттин директорунун орун басары Бакыт Рысалиев жана Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы Бакыт Эрмеков аталган токтомдордун бир дагы беренесин аткарбай жалган отчёт берип келет. Мындайча айтканда Б. Эрмеков мамлекетти төрт жылдан бери алдап келүүдө.

Укук коргоо органдары тарабынан аныкталган фактылар;

1.Кара-Алма токой чарбасынын мурдагы жетекчиси Абдыжапар Исаков Сузак районунун Сузак токой бөлүмү аркылуу Кытай фирмасынын мыйзамсыз нефть казуусун токтоткон. Жалал-Абад областык токой чарбанын башчысы Бакыт Эрмеков дароо А. Исаковду кызматтан алып, анын ордуна К. Жумаевди

алып келип,  кайра келишим түзүп , эки жылдан бери күнүнө 40  тонна мунай казып алышууда.

Текшерип келгендер токойдун кыртышын бузуп жатканын көрүп турса дагы үн катпай, эптеп акчанын камын көрүп калганы өкүнүчтүү..

Бир гана УКМКанын облустук башкармалыгы 2016-жылы текшерүүсүн ачыкка чыгарарда, областык прокуратура кылмыш ишти өзүнө алып жаап коюшту.

2.Республикалык Өнүктүрүү фондунан О.Бөрүкуловдун жазган долбооруна 482 миң сом бөлүнгөн болчу. О.Бөрүкулов болсо атасынын менчик турак жайынын айланасын тосуп, сортовой бадам себилди деп акчаны короткон. Б.Эрмеков менен К.Жумаев биригишип, фонддон берилген 425 миң сом  жана токой чарбадан 125 миң сом акчаны кымырып алышкан.

Бул боюнча Финполиция тарабынан кылмыш иши козголуп, прокуратурага өткөрүлгөн. Бирок, областык прокуратура Б.Эрмековдун жакындары болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин жаап- жашырып келе жатышат.  Сузак соту болсо азыраак гана акча кайтарылсын деп чечим чыгарган.

Болгону Орток токой чарбанын директору С.Эсенкановду жумушунан алышты. Ал эми Б.Эрмеков бизди сотко берип, биз менен 3 жылдан бери Сузак, Базар-Коргон райондук, Жалал-Абад областык, Жогорку Сот аркылуу соттошуп жүрөт. Биздей активист пенсионерлерди коркутуп, соттотуп жиберем деп ар кайсы чагымга барууда. Жалган кылмыш иш козготуп А. Орозовду каматып куугунтукка алууда.

Биз, А.Рустамов менен Б.Эрмеков мамлекетке келтирген  зыяндын четин гана жаздык. Биз, эмгек ардагерлери жана укук коргоочулар айткан, жазгандарыбызды толук далилдеп берүүгө даярбыз.

Биз, Сооронбай Шарипович сиздин “мыйзамдын кулу болом” деген убадаңызга ишеним артып, токой чарбасын таза жолго бурат деп ишенебиз.

 

Укук коргоочулар Качкынбек Булатов, Базаргүл Тургунбаева,  Анарбай Орозов.

Токой чарба эмгек ардагерлери Азим Токоев, Абдималик Сатаров.

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар