Укук коргоочу талапкерлерге талап коет

“Ата Мекен” партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Алманбет Шыкматов, Аида Салянова, Райкан Төлөгөнов, саясатчылар Кубан Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков жана дагы бир топ саясий лидерлердин соттолушун  Атамбаевдин өч алуусу катары баалагандар арбын.

Текебаевди 7 жыл мурун пара алгансың деп соттоо мыйзамдуу эмес. Пара алганда кармап калган акчасы жок, далили жок, болгону айтылган сөз, имиштерге ишенген күбөлөр, ушакты бетке кармаган прокурорлор, ага кошул -ташыл болгон сот…

Орусча айтканда “расправа” же  күнөөсүз адамды азапка салуу жүрүп жатат. Ушундай жапайы көрүнүштөрдү көрүп турган президенттикке кандидаттардын көпчүлүгү бир да  үн катпаганы өкүнүчтүү. Демек президент болуп шайланып келсе да алар мыйзамдуу жолго басбай, уурулук менен алектенип,  аны ачык айткандарды камап коюуга даяр экенин айгинелеп атпайбы.

Сооронбай Жеенбеков  КСДПнын жыйынындагы сөзүндө, «мен мыйзамдын кулу болом» дегенде партиялаштары дүркүрөтө кол чабышкан. Тилекке каршы, КСДП мүчөлөрүнүн баары  калп менен чындыкты ажырата албай калганы көрүнүп турат.

Сот процесстери буйрутма менен жүрүп жатканын көрүп үнчукпаган  Сооронбай Жеенбеков бийликке келсе эмне болот?

Биз билгенден Сооронбай Жеенбеков саясий ишмердүүлүгүн оппозициядан баштаган эле.Ошо кезде өзү бийликти сындап жүргөн. Анан өзү бийликке келген соң демократиянын улуу дөөлөттөрүн сактап, сөз эркиндигин, мыйзам үстөмдүгүн сактаса туура болмок.

Ошондой эле президент болом дегендер эки жүздүүлүктү токтотуп,  бийликти эле эңсебей, мыйзамдуулукту туу тутууга аракет жасаса туура болмок.

Укук коргочу Качкынбек Булатов

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар