Украина өкмөтүндө «Орусия атайын кызматынын тыңчысы» кармалды

Украинада Орусиянын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылып жүргөн аткаминер кармалды. Бул тууралуу Украинанын коопсуздук кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган адам украин өкмөтүндө катчылык кызматкер болуп иштеген.

Мекемеден кармалган аткаминердин аты-жөнүн аташкан жок. Бирок ал узакка козулган иш сапарларынын биринде тыңчылыкка тартылып, Украина өкмөттүк түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу «инсайдерлик маалыматтарды» топтоп жүргөнүн белгилешти.

«Кармалган адам орусиялык атайын кызматка өтө жоопкерчиликтүүлүк, чыгармачылык жана чебердик менен иштеген», – деп билдирди Украинанын коопсуздук кызматынын Контрчалгын департаментинин башчысы Алексей Петров.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар