УКМК: терактын алдын алдык

УКМК жана ИИМдин 22-сентябрдагы маалыматына караганда, президенттик шайлоо алдында өлкөдө туруктуулукту бузууну көздөгөн адамдар кармалды. Алар  диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү деп шектелүүдө.

Токмок шаарында бир нече тургундун турак-жайы тинтүүгө алынып, алардан граната, диний-экстремисттик баракчалар, жардыргыч заттар,ок-дары алынган.

Маселен, Токмоктун тургуну ,1978-жылы туулган С.Г.нын үйүн тинтүүдө диний-экстремисттик маанайдагы китептер, баракчалар, аудио-видео материалдар, РГД-5 гранатасы алынган. 1977-жылы туулган И.Б. жана  1985-жылы туулган Б.З.нын үйүнөн жардыргыч жасай турган тетиктер, заттар, курал, ок-дары, экстремисттик китеп, баракчалар табылган.

Үч жаран тең кармалып, тергөө иши жүрүүдө.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар