Түркияда катуу жер титирөө болду

Эл аралык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, жер титирөөнүн күчү 6.7 баллга жеткен. Зилзала Бишкек убактысы боюнча түнкү 04.31 бирде болгон. Силкинүүнүн очогу Бодрум курортунан 12 чакырым түштүк тарапта  орун алган.

Түркиянын Анадолу маалымат агенттиги эки киши каза болгонун кабарлады. Ассошейтед пресс 120 киши жабырланганын маалымдады.

Бодрум шаарынын мэри жер титирөөдөн эски имараттар жарака кеткенин, Мугла шаарынын мэри электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүк болгонун билдирген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар