Түркия менен АКШнын карама-каршылыгы күчөдү

Анкара менен Вашингтон Барак Обаманын тушунда эле бир топ маселелер боюнча тил табыша албай, ыйкы-тыйкы болуп келаткан.  Ал келишпөөчүлүктүн эң башкы себеби Түркиянын өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү аракети болуп калганын түрк серепчилери жана саясатчылары бир ооздон белгилеп жатышат.

Сирия жаңжалында эки тараптын карама-каршылыгы дагы күчөдү.

Түркия АКШ Сириядагы күрттөрдү куралдандырып, аларды Түркияга каршы тукуруп жатат, АКШнын максаты Түркияны алсыратуу жана аны каалагандай башкаруу деп эсептейт.

Түркия ошондой эле ички күрт жикчилдерин да АКШ жана батыш мамлекеттери козгоп, Түркияга каршы тукурууда деп эсептейт.

Түркия 2016-жылы куралдуу төңкөрүш уюштурган Фетулах Гүлендин артында да АКШ турат деп эсептейт…

Түркия Гүленди өткөрүп берүү талабы менен президент Обама учурунда да, Трамп учурунда да Вашингтондон талап кылды. Бирок Вашингтон ал талапты четке кагып келатат.

Мына ушундай эки ортодогу келишпөөчүлүк дагы күчөп, эми АКШ Иран-Түркия жараны, ишкер Реза Зарраб аркылуу түрк бийлигинин айласын кетирүүдө.

Зарраб АКШда кармалган. Учурда Нью-Йоркто соту журүп жатат.  АКШ, БУУ тарабынанИранга жарыяланган санкцияларга карабай Зарраб Түркиядан Иранга акча которууга көмөктөшкөн деп айыпталууда. Бул ишке Түркиянын Улуттук банкы, экономика министрлиги жана президент Эрдогандын үй-бүлөсү аралашкан кыңыр иштер да жасалган деген сөздөр айтылууда. Маселен, Зарраба Иранга акча которууда Түркиянын ал кездеги экономика министри Чаглаянга 60 млн. доллар пара берген деп айтылууда.

Кечээ жакында эле Түркиянын эң ири оппозициялык партиясынын лидери Кылычдароглу түрк президенти Эрдогандын балдарынын оффшорлорго акча которуулары жөнүндө документтер бардыгын билдирип чыкты.

Түрк бийлиги буга жаалы келип, Кылычдароглуга документтерди АКШ жана батыштын атайын кызматтары берди деген пикирин айтты. Эрдоган документтерди жасалма, калп деп, сотко кайрыларын билдирди. Ал бул иштин артында  боюнча Вашингтон турат, анын максаты бизди чөгөлөтүү деп билдиргенин Түркиянын расмий Анадолу агенттиги кабарлады.

Ошентип, Анкара менен Вашингтондун карама-каршылыгы күн санап өрчүп баратат.

Түркиянын Орусияга ыктап, андан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алуу аракети Вашингтонду кашайткан жагдайлардын бири.

Түркия мына ушул тиреште дүйнөлүк №1 державанын кысымына туруштук бере алабы?

Бул маселе дүйнөдөгү эң орчун жана татаал маселелердин бири болуп турат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар