Түркия-Казакстан достугун бекемдөөдө. Кыргызстанчы?

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган үч күндүк расмий сапар Казакстанга келди. Ал Нурсултан Назарбаев менен 9-сентябрда Астанада жолугушту.

Эки президент Сирия жаңжалын жөнгөрүүдөн тартып,  эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу жана регионалдык маселелерге чейин талкуулашкан. Албетте, түрк президентинин көңүл борборунда Казакстанда Фетуллах Гүлендин ФЕТО террордук уюмунун тамырын кыркуу да турган.

Анадолу маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен маалымат жыйынында ФЕТОго каршы күрөштө Казакстан көрсөткөн колдоого ыраазычылык билдирген. Ал “биргелешип Түркия жана Казакстандын улуттук кызыкчылыгына коркунуч келтирген бул агымды жогото алабыз. ДАЕШ, ФЕТО жана “Аль-Каидага” каршы күрөштө кызматташууларды күчөтөбүз” деген.

Тилекке каршы ФЕТОго каршы күрөштө Түркия Кыргызстандан колдоо таба алган жок. Бул Бишкек менен Анкарынын мамилесинен суушуна алып келди. Өз ара сапар алмашуулар дээрлик токтоп калды.

Түркия бийлиги ФЕТОнун тарапкерлери Кыргызстанда абдан күчтүү деп эсептейт. Ал эмес түрк гезиттери кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаковду ошол топтун өкүлү деп шекшийт…

Бул жаңы жагдай кыргыз-түрк мамилесин ого бетер окчундатпайбы деген чочулоо бар. Анткени ага чейин Түркиядан инвестиция тартуу көтөрүлбөй калса, эми биротоло ал маселе күн тартибинен жоголобу?

Ал эми  карапайым калк, коммерсанттар  кыргыз-түрк мамилесинин муздашынын азабын алда качан эле тарта баштаган. Маселен, түрк аба жолдору Бишкек-Стамбул каттамында билетке акыны абдан эле көтөрүп салган…

Казакстан ФЕТО маселесинде Түркиянын расмий бийлигин, президент Режеп Тайип Эрдоганды толук колдоп, ал эмес 2016-жылы 15-июлдагы ФЕТОнун куралдуу төңкөрүш аракетинен кийин Нурсултан Назарбаев Түркияга барып, президент Эрдогандын ал-ахбалын сурап келген.

Назарбаевдин мындай дипломатиялык жана туугандык кадамы Казакстан менен Түркиянын мамилесинин бекемделишине алып келди.

Казакстан менен Түркиянын соодасынын көлөмү учурда 2 млрд. доллар. Аны 5 млрд. долларга көтөрүү аракети жасаларын Режеп Тайип Эрдоган Астана сапары учурунда белгиледи…

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар