Түркия аскердик жана илимий технологияга каражатты көбөйттү

Түркиянын Анадолу маалымат агенттигинин 16-июндагы кабарлоосуна караганда, 2016-жылы Түркия коргоо тармагында жаңы технология жана иштеп чыгууларга каражатты 39% көбөйтүп, жалпы суммасын 1 млрд. 254 млн. долларга жеткирди. Бул каражаттын ичинен 1млрд.144 млн. доллар аскердик-техникалардын жаңысын иштеп чыгууга жумшалса, 110 млн. доллар жаңы технологияга жумшалган.

Түркия быйылкы жылы 1млрд. 700 млн. долларга курал сатууну пландаштырган. Жалпысынан жакынкы жылдары курал экспортунун көлөмүн 5 млрд. долларга жеткирүүнү көздөйт.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар