Түркия 5 жылдан кийин 10 ири экономиканын катарына кирет

Мындай билдирүү мененТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Курман айт майрамынын алдында чыкты. Түрк президенти ичтен жана сыртан жасалып жаткан каршылыктарга карабастан Түркияны 2023-жылга карай  экономикасы эң ири болгон 10 мамлекеттин катарына кошуу боюнча бардык аракеттер жасалат.

Түркияны экономикалык жактан да, саясий жактан да, ошондой эле демократиялык жактан да алдыңкы мамлекеттер катарына кошуу үчүн күрөш уланат, деп белгилеген Режеп Тайип Эрдоган.

Түрк президенти бардык мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктаганын Анадолу маалымат агенттиги 31-августа кабарлады.

Бүгүнкү күндө Түркия чоң 20лыктын катарында.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар