Түрк элчиси эмнеге капа болду?

Кыргызстандын мурунку муфтийи, азыркы кезде республикадагы эң таасирлүү диний ишмерлердин бири Чубак ажы Жалиловдун АКШда Фетхуллах Гүлен менен жолугушуусуна Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч 13-июлда  капалыгын билдирди. Элчи ошондой эле Кыргызстанда азыркы кезде 3.5 миңдей гүленчи бардыгын эскертти.

Чубак ажы Жалилов АКШга сапарында Фетхуллах Гүлен менен жолугушканын ырастап, андан сабак алганын маалымат каражаттарына билдирген.

Түркия бийлиги №1 террорчу деп атаган, Түркиянын өзүнчө эле  Усама бин Ладени болгон Фетхуллах Гүленге карата кыргыз бийлигинин өзгөчө толеранттуу мамилеси да расмий Бишкек менен Анкаранын мамилесинин солгундашына алып келгени маалым.

2016-жылы 15-июлдагы Түркиядагы кандуу төңкөрүш аракетинен кийин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кыргыз бийлигинин жогорку деңгээлинде гүленчилер бардыгын, алар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурарын эскерткен.

Түрк бийлиги Фетхуллах Гүленге байланыштуу окуу жайларын жабууну  Кыргызстанга эле эмес, бардык өлкөлөргө сунуштаган. Бул сунушту Азербайжан, Казакстан, Пакистан жана башка өлкөлөр орундаган.

Кыргыз бийлиги адегенде ага кескин каршы чыгып, бирок соңунда “Себатты” “Сапат” деп өзгөртүүгө барды.

Эгерде кыргыз бийлигинин гүленчилерге ашкере толеранттуу мамилесин, алардын өкүлдөрү жогорку бийликте отургандыгын эске алганда Чубак ажы Жалиловдун жакында  АКШда Фетхуллах Гүлен менен жолугушуусу капысынан болгон жолугушуу эместей.

Чубак ажы Жалилов президенттин диний кеңешчиси Абдышүкүр ажы Нарматов өтө тыгыз байланышта жана экөө кеңешип иш кылары тууралуу маалымат бар. Абдышүкүр ажы Нарматов президенттин эң эле таасирлүү жана жакын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен өтө жакын экени да маалым.

Мына ушул байланыштарды эске алганда Чубак ажы Жалиловдун жолугушуусунун артында бир символикалык белги жана кеңешип жасалган иш жаткандай.

Ал символикалык белги Кыргызстандагы гүленчилерди абдан катуу шыктандырат.

Кыргызстан боордош деп санаган түрк мамлекетин болсо катуу капалантат.

Айтмакчы, Түркияда куралдуу төңкөрүш аракети өткөн жылы, дал ушул күнү болгон.

Бул датага карата өткөрүлгөн иш чарада президент Режеп Тайип Эрдоган кандуу төңкөрүш учурунда “250 карапайым адам, 35 гана феточу өлгөнүн, бул ойлонуп көрө турган маселе” экенин билдирди.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар