Түндүк Корея континент аралык баллистикалык ракета сынады

Түндүк Кореянын расмий маалымат каражаттарынын кабарлоосу боюнча, “урматтуу” Ким Чен Ындын жеке буйругу менен “Хвасон-14” континент аралык баллисттикалык ракетасы сыноодон өткөрүлдү. 4-июлдагы сыноо боюнча улуттук коргонуу  Академиясынын маалыматы таратылат деп айтылат кабарда.

Япон аскерлери 4-июлда эрте менен атылган Түндүк Корея ракетасы 930 чакырым учуп барып, Япон деңизине түшкөнүн кабарлады. Япон өкмөт башчысы  “коркунуч деңгээли көтөрүлдү ” билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп твиттер аркылуу реакция жасап “бул балада эмне башка кылаар иши жокпу” деди. Трамп “мындай нерсеге Япония, Түштүк Кореянын чыдашы кыйын.. Мүмкүн Кытай олуттуу кадам жасап, бул абсурдду жоет” деп кошумчалаган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар