Трамптын күйөө баласынын айланасында чыр күчөдү

АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Трамп шайлоодо жеңишке жетишкенге чейин Орусиянын Америкадагы элчиси Сергей Кисляк менен байланыштарын жашырып келген. АКШнын маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Кушнер Сергей Кисляк менен телефон аркылуу бир нече ирет сүйлөшүп, ал эмес Трамптын иннагурациясына чейин тыңшалбаган, жашыруун байланыш каналдары аркылуу Москва сүйлөшүп турууну сунуштаган.

Кушнердин орус дипломаттары менен мындай байланыштарын ФБР иликтеп жатат. Ал тергөөчүлөр менен кызматташып, толук маалымат берүүгө макулдугун билдирген. Бирок Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн Орусия дипломаттары менен байланышын жашырып койгону үчүн  бир-эки ай иштеп иштебей, 13-февралда кызматынан кетүүгө аргасыз болгон эле.

Жаред Кушнер Трамптын күйөө баласы эле эмес, анын кеңешчиси. Кушнердин Вашингтондо эң таасирлүү адам экени айтылып келатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар